Кыргызстанда эл ташыган автобустар текшерилүүдө

Кыргызстанда эл ташыган автобустар текшерилүүдөКыргызстанда ички жана эл аралык каттамдагы эл ташыган автобустар текшерилип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим 52 адамдын өмүрүн алган Казакстандагы жол кырсыгынан соң кабыл алынды. Текшерүү алкагында министрликтен лицензия алып, эл ташууга ылайыкташкан автобустардын техникалык абалы каралып, талапка жооп бербегендерге чара көрүлөт.

Өткөн бейшембиде Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза тапкан. Алардын бардыгы Өзбекстандын жарандары болчу. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан. Беш киши жарадар болду.

Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Шымкенттен Орусияга бараткан. Жүргүнчүлөр болжол менен эмгек мигранттары болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты