25-январга карата аба-ырайы: Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

  • 6 месяцев мурун

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, бүгүн, 25-январда Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Өлкөнүн башка аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кечке жакын Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7…+12, Талас облусунда +5…+10, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын облусунда 0…-5 градус болот.

Бишкекте абанын температурасы +9…+11 градус болушу күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты