Өрт күчөдү
- 7 лет мурун
- Маек
Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 11 өрт кырсыгы болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Өткөн суткада Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында экиден өрт кырсыгы катталса, Ош шаарында, Ош жана Нарын облустарында бирден өрт болду. Чүйдүн Камышановка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү чыккан өрттөн үй ээси, 1956-жылы туулган О.Д. каза болгон. Төмөнкү Чүй айылынын Гагарин көчөсүндөгу балдар бакчасынан өрт чыккан.
Кырсык себептери иликтенүүдө.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!