Асель Кадырбекова, ырчы: “Турмушка чыгууга 30 жашка чыкканда деле жетишсе болот”

Асель Кадырбекова, ырчы: “Турмушка чыгууга 30 жашка чыкканда деле жетишсе болот”— Балалыгыңыз кантип, кайда өткөн?

— Ош шаарында туулуп-өскөм. Балалыгым да ошол жакта өткөн. Орус тилдүү бала бакчага, мектепке баргандыктан, орус тилинде сүйлөп чоңойдум. Кыргызча сөздөрдү так сүйлөбөгөндүгүм үчүн таякелерим “орус кыз” деп кайрылышаар эле (күлүп). Кичине кезимде мага айтпай бир нерселерди жасап, таң калтыра берчүсүң деп апам айтып калат. Мектепте мыкты окудум деп айта абайм. “Үч”, “төрттөр” бар болчу. Эгер ошол убакытты кайра артка кайтарууга мүмкүнчүлүк түзүлө турган болсо, жакшы окумакмын, билим алууга көңүл бурмакын  деп ойлойм. Негизинен тарых сабагына, сүрөт тартууга кызыкчумун. Мектепти аяктагандан кийин юридика багыты боюнча алгач колледжге, кийин университетке тапшырдым.

— Алгач алып баруучу катары таанылдыңыз, ал жактан кетүүгө эмне себеп болду?

— 16 жашымда курбум менен алып баруучуларга кастинг жарыяланганын угуп, барып калдык. Ошол убакта алып баруучу болом деген кыялым жок болчу. Жөн гана курбума шерик болоюн деп барып, катышып көр дегенинен катышып калгам. Ошондон кийин бул жаатка кызыгуум пайда болду. Көптөгөн эфирлерди алып барууга жетиштим. Андан кийин Бишкекке да келип иштеп калдым. Кичине кезимден ырчы болууну самагандыктан, теледе иштеп жүргөндө  ырчы болгум келгендигин кесиптештериме айта берчүмүн. Аны угуп калгандар сунуш менен кайрылышкан. Ошентип алар менен иштеше баштагам. Ошентип шоу-бизнестин даамын татып алгандан кийин ырчы болууну чечип, теледен кеттим. Бирок, буюрса, теле тармагында кайра иштеп калышым мүмкүн. Алдыда бир топ пландарым бар. Анын баарын убакыт көргөзөт.

— Музыкалык багытта билимиңиз барбы?Асель Кадырбекова, ырчы: “Турмушка чыгууга 30 жашка чыкканда деле жетишсе болот”

— Ырчылар эл алдына көп чыккандыктан, сахнада жүрүп эле өзүлөрүн таптап коюшат. Мен дагы концерттерде ырдап, ар кандай ырларды аткарып, өзүмдүн талантымды жогорулатам. Учурда убактым тар болгондуктан атайын билим алууга жетишпей жатам.

— Менеджериңиз менен эмне себептен иштешпей калдыңыз?

— Менеджерим менен жарым жылдай эле иштештик окшойт. Оюбуз бир жеринен чыкпай, иштешпей калганбыз. Андан бери көптөгөн сыноолорду өткөрдүм, өзүмдүн аракетим менен иштеп жатам. Жалгыз иштеген оор, бирок канчалык аракет кылсаң баары болот.

— Жеке концертиңизди берүү планыңызда барбы?

— Негизи концертимди быйылкыга пландаган болчумун. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп, пландар өзгөрүп кетти. Азырынча койбой турууну чечтим.

— Инстаграммда колдонуучуларынын саны боюнча ырчылардын сап башында турасыз. Колдонуучуларды көбөйтүү үчүн эмне кыласыз?

— Учурда 360 миңдей колдонуучум бар. Бирок колдонуучуларымдын санын көбөйтүү үчүн эч нерсе кылбайм. Кээде өзүмө эмнеге мынча колдонуучум бар деген суроону берем. Менимче, элге менин жашоом кызык. Мага жазылып, менин эмне кылып жатканыма кызыккандарга ыраазымын. Бул мен үчүн ийгилик.

— Башка ырчы айымдар сыяктуу эле инстаграмм аркылуу каражат тапсаңыз керек…

— Ушунча колдонуучуң болгондон кийин сулуулук салон, бутиктерден суроо-талап дагы көп болот экен. Башкалардай эле мен дагы алардын продукциясын жарнамалап кошумча каражат табам. Албетте, жарнама кылуудан мурда товардын сапатына көңүл бурам. Жаман сапаттагы продукцияны жарыялоодон баш тартам.

— Интернетсиз жашооңузду элестете аласызбы?

— Учурда жалгыз ырчылар гана эмес, кадимки адамдар дагы интернетсиз жашоолорун элестете алышпаса керек. Заман талабына жараша интернет менен иштеримди бүтүрүп жатам. Интернетсиз иш алып баруу кыйын болуп калды го.

— Бизнес ачты деп уктук. Ага эмне себеп болду?

— Ооба, быйыл бизнеске киришүүнү чечтим. башында ателье ачып, тапшырык менен кийимдерди тигип жатканбыз. Эми ал бизнесимди кеңейтүү үчүн атайын бутик ачып жатабыз, учурда ремонт иштери жүрүп жатат. Ал жакта менин дизайнымдагы кийимдер гана эмес, белгилүү бренддердин кийимдерин сатууну пландап жатам. Бизнес ачуумдун себеби, кошумча каражат табуу менен бирге өзүмдү башка жааттан сынап көрүү болчу. Бизнестин эч кандай жаман жагы жок деп ойлойм.

— Демек, тигүүчүлүк талантыңыз бар экен да?

— Негизи дизайнерлик талантым бар. Мурда кийимдеримдин бир жери жакпай калса, дароо өзүм каалагандай кылып оңдоп коймой адатым бар болчу.

— Турмуш курууга даярсызбы?

— 18 жаштан кийин ар бир кыз турмуш курууга даяр болот. Жашым келип калды деп эле шаша берүүнүн кажети жок деп ойлойм. Ар бир нерсенин өз учуру болот. Качан гана эки адамдын турмушка болгон ойлору бир жерден чыгып, бири-бирин тушүнүшкөн учурда гана баш кошууга болот. 30 жашка чыгып калганда деле жетишесиң деген пикирдемин.

Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты