Британияда жалгыздык боюнча министрлик түзүлдү

Британияда жалгыздык боюнча министрлик түзүлдү

Британия бийлиги жалгыз калуу өмүргө коркунуч келтире турганын эске алып, бул боюнча министрлик түздү. Ал милдет Трейси Краучка жүктөлдү.

2016-жылы улутчулдар тарабынан өлтүрүлгөн лейбористтер партиясынын депутаты Джо Кокс ушул көйгөйдү көтөрүп, улгайганда жалгыз калгандарга жардам берип келгендигин өлкөнүн премьер-министри Тереза Мэй баса белгиледи. Жалгыздык боюнча министрликти түзүү менен Британия өкмөтү Кокстун ишин улантмай болду.

2017-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, жалгыз калуу адамдын өмүрүнө күнүнө 15 даана тамеки тарткандай эле коркунуч келтирет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты