Фарид Ниязов: «КСДПнын съездинин күнүн Алмазбек Атамбаев белгилейт»

Фарид Ниязов: "КСДПнын съездинин күнүн Алмазбек Атамбаев белгилейт"КСДПнын кезектеги съезди өткөрүлө турган акыркы датаны экс-президент Алмазбек Атамбаев чечет. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында саясый кеңеш Алмазбек Атамбаевдин пикирине карап, акыркы датаны белгилейт.

«Учурда ал киши КСДПнын ишине катышпай калган 6 жылдан берки партиянын иштер менен таанышып жатат. КСДПны андан ары кантип өнүктүрүү жолдорун, партиялык түзүлүшүн пландап жатат. Де-юре алганда, Алмазбек Шаршенович президенттик ыйгарым укуктары токтогондон, тагыраак айтканда, 24-ноябрдан тартып партиянын төрагасы болуп саналат. Себеби, анын ордуна башка эч ким шайланган эмес, ал эми устав боюнча ыйгарым укуктары кандайдыр бир мөөнөт менен чектелген эмес. Ошентсе деле КСДПнын кезектеги съездинде анын төрагасын шайлоо күн тартибинде турат. Жана анын төрагалыгына Алмазбек Шаршенович келеринен эч ким шек санабайт» деди Фарид Ниязов.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты