Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасы пайдаланууга берилет

Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасы пайдаланууга берилетБул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргызстандагы  Түркиянын элчиси  Женгиз Камил Фырат менен жолугушуу учурунда белгилүү болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттер аралык эки тараптуу аракеттешүүнүн актуалдуу темаларын, тактап айтканда, социалдык тармактагы кызматташтык маселесин талкуулашты.

Элчи Женгиз Камил Фырат вице-премьер-министрге Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасынын курулушунун жүрүшү жана аны заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Ал медициналык мекеменин курулушу дээрлик аяктап калгандыгын жана учурда эки өлкөнүн адистери тарабынан оорукананы мындан ары карай пайдалануу туралуу Келишим долбоору иштелип жаткандагын билдирди. Түрк тарап кыргыз-түрк достугу ооруканасынын ишин келечекте техникалык жана финансылык жактан колдоого алууга даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова түрк тарапка кыргыз-түрк достугу ооруканасын куруу жана жабдуу боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Түркия Өкмөтү жана Эл аралык кызматташтык боюнча түрк агенттиги менен жемиштүү кызатташуусун белгиледи.

«Кыргызстанда түрк тарап менен кызматташунун негизинде социалдык маанидеги обьектилерди куруу боюнча бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды», — деп белгиледи Чолпон Султанбекова. Буга катар вице-премьер-министр түрк тараптан кыргыз жарандарын Түркиянын медициналык клиникаларында акысыз дарылануусуна ар-жылкы квотаны көбөйтүү, ошондой эле түрк саламаттык сактоо уюмдарынын базасында кыргыз дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу маселесин  карап чыгуусун өтүндү.

Түркия элчиси жолугушунун жүрүшүндө айтылган бардык сунуштар республиканын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан белгилүү тартипте каралып чыгаарын билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты