Казакстандагы өрттөн каза болгондор

Казакстандагы өрттөн каза болгондор
Казакстандын Ак-Төбө облусунда 18-январда күйүп кеткен автобустан 32 адам кырсык болгон жерде каза болгону маалым. 5 адам аман калган. Өзбекстандын Өзгөчо кырдаалдар министрлиги каза болгон жүргүнчүлөрдүн 29унун ысымын аныктады. Курман болгондордун баары Наманган облусунан, бардыгы эркек, эң улуусу 41, эң кичүүсү 19 жашта болуп чыккан.
Бул кырсык боюнча комиссия түзүлүп, анын себептери иликтенүүдө.
Ал эми Tengrinews.kz. сайты жазгандай, Казакстандын Ички иштер министринин орун басары Ерлан Тургумбаев бул жол кырсыгы же криминалдык себептерден эместигин, автобус жол жээгинде оң абалда токтоп турганын, алдын-ала бул жөн гана кырсык экенин айтууга болоорун билдирген. Өрт автобустун ичинен башталып, көпчүлүк автобустун ичинен чыга албай калган деген божомолун айткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты