«Мегакомду” сатып алууга арыз түштү

"Мегакомду” сатып алууга арыз түштү

“Ака минералз энд майнинг” компаниясы Мегаком компаниясын сатып алуу ниетин билдирүүдө. Бул маалыматты Мамлекеттик мүлк фондунан да тастыкташты.
Аталган “Ака минералз энд майнинг” компаниясы Кыргызстандын “Акылдуу шаар” долбоорун инвестициялайт. Бул компания Мегакомду мындан ары өнүктүрүп, модернизациялоого убада берүүдө. Мегакомдун акциясы 13, 5 млрд сомго бааланып жаткан.
Буга чейин Мегаком компаниясын россиялык ишкер Елена Нагорная сатып алуу ниетин билдирип, бирок кийинчерээк андан баш тарткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты