Ажыга барчулардын саны көбөйөт

Ажыга барчулардын саны көбөйөтСауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 орун бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Муфтият билдиргендей, ажылыкка барчулар электрондук тизме менен кабыл алынат жана биометрикалык паспорт алгандарга гана Мекеге барууга уруксат берилет.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапарына зыяратчыларды ташуу үчүн 12-февралга чейин авиакомпаниялар арасында сынак жарыялаган. Ага Кыргызстанга жана Сауд Арабиясына таандык фирмалар катыша алат. Сынактын жыйынтыгы 13-февралда чыгарылат.

Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй башташат.

Былтыр Кыргызстанга 4760 орун берилген. Ажылык сапардын баасы 2760 доллар болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты