Кыргызстан: Мусулман аялдарынын активдүүлүгүн күчөтүү аракети
- 7 лет мурун
- Блог
Хиджаб жамынган аялдар үй-бүлөдөгү көр—тирилик менен гана чектелбеши керек.
Элиана-Марьям Сатарова «Умма» журналынын башкы редактору. Бул басылма өлкөдөгү ислам тууралуу айрым туура эмес түшүнүктөр менен күрөшүү максатында эки жыл илгери уюшулган. Аталган журнал мусулман жаштарынын арасындагы түрдүү көйгөйлөр менен күрөшкөндүгү жана өлкөдөгү аялдар укугуна басым жасагандыгы менен айырмаланат. Кыргызстан светтик өлкө болсо да ислам дини калктын ичинде өсүп келе жаткан ири күч катары саналат. Сатарова IWPR менен болгон маегинде, өз журналы аркылуу кыргыз коомчулугуна чыныгы дин менен экстремизмдин айырмачылыгын ачык түшүндүрүп, ошондой эле мусулман аялдарды үй-бүлөдөгү көр—тирилик менен гана алектенип чектелбестен, коомдук жана социалдык иштерге активдүү катышууга үндөп, аларга дем—күч берүүгө аракет жасап жаткандыгын айтып берди.
IWPR: — «Умма» журналын чыгаруу менен кандай максаттарга жетүүнү каалайсыз?
—— Журналда биз мусулман аялдары жөнүндөгү стереотиптерди жоюга аракет кылабыз. Анда мыкты мисалдарды келтиребиз. Мисалы, бир эле мезгилде үй-бүлөдө, коомдо жана спортто ийгиликке жетишкен кыздар жөнүндө айтып беребиз. Максат коомчулукту мусулман-кыздары жөнүндөгү туура эмес түшүнүктөрдөн арылууга жардамдашуу. Коомдо ислам тууралуу туура эмес түшүнүктөр бар, ошондуктан биз ушундай басылманы негиздедик. Журнал ислам өлкөдө билим алууга, өнүгүүгө жана тынчтыкка чакырган, заманга ылайык дин экендигин коомго ачып берүү максатында иш алып барат.
IWPR: — Кыргызстанда аялдардын бардык тармактар боюнча өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүсүнө мыйзамдардын негизинде кеңири мүмкүнчүлүктөр берилген. Бул жөнүндө сиз эмне айта аласыз, чынында эле ушундайбы?
—— Аялдардын укугу демократиялык түзүлүшкө, мыйзамдардын жеткиликтүүлүгүнө ошондой эле аялдардын укуктарын коргогон ар түрдүү эл аралык уюмдардын долбоорлоруна жана аялдардын укуктары тууралуу дүйнө коомчулугу тааныган декларацияларга карабай эле бузулган учурлар көп кездешет. Мындай мыйзам бузуулар биринчи кезекте аялдардын өз укуктарын толук билбегендигине жана эски түшүнүктөрдөн өз убагында арыла албагандыктан улам орун алгандыгын көрүүгө болот. Аялдарды алардын өлкөнүн Баш мыйзамындагы, Жарандык жана үй-бүлөлүк кодекс жана башка мыйзамдардагы укуктары тууралуу кабардар кылуу зарыл. Өлкө калкынын көпчүлүгү өздөрүн мусулманбыз деп санашат. Андыктан аларды ислам дининдеги аялдардын укуктары тууралуу кеңири түшүндүрүү керек. Мындай түшүндүрүү иш-чараларын мусулман аялдардын жана үй-бүлө башчысы катары саналган эркектердин арасында жүргүзүү зарыл.
Калктын калың катмары менен байланышы күчтүү имамдарды окутуу зарыл. Жума намазга эркектердин дээрлик көпчүлүгү катышышат, ошондуктан мына ошол жерде аялдардын укуктары жана аны сактоонун зарылдыгы тууралуу маалымат берүү керек. Ал үчүн имамдардын бул маселе боюнча билимин жогорулатуу зарыл. Бул тууралуу массалык малымат каражаттары аркылуу коомчулукка айтып, зарыл болгон борборлорду уюштуруп, телеканалдарда ушул темада берүүлөрдү уюштуруу менен иш алып барса болот. Биздин муфтият дагы бул маселе боюнча иш алып барган аялдар уюмдарын колдосо жакшы болот эле. Ошентип, бул маселе боюнча мамлекет жана ислам багытындагы уюмдар биргелешип комплекстүү иш алып барышса жакшы болмок. Биздин өлкөдөгү аялдардын укуктарынын сакталышына калктын билим деңгээлин көтөрүү аркылуу гана жетишүүгө болот.
IWPR: — Шарият боюча аялдар кандай укуктарга ээ?
— Ислам дининде кудай алдында аял менен эркек бирдей укуктарга ээ, бирок алардын милдеттери ар түрдүү. Ислам дининде аялдар айрым учурда эркектерден жогору турат. Анын баары коомчулук тарабынан канчалык деңгээлде туура кабылданып, туура түшүндүрмө берилгендигине жараша болот. Маселен, ислам дининде үй-бүлөнү багуу эркектин укугуна кирет. Аял эч убакта оор иш алып барбашы зарыл. Эгерде аял иштейм десе анын өз эрки, болгону ал өзүнүн ден соолугун жабыркатпай, коомчулукка пайда алып келсе болгону. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча айта турган болсок, сиз билесизби, ислам дининде аялдарга карата ар кандай зомбулукка тыюу салынат. Үй-бүлөдөгү байланыш бири-бирин сыйлоонун негизинде ишке ашырылышы зарыл. Ал жерде “эгерде сен аял болсоң, демек, сөзсүз түрдө кайсыл бир нерсени милдеттүү түрдө жасашың керек” деген эреже жок. Ошол эле мезгилде эркек адам эч убакта аялына жаман мамиле кылып, аны кайсыл бир нерсени зордуктап жасатуусуна жол берилбейт. Ал эми аял менен эркектин коомдогу укуктары тууралуу сөз кыла турган болсок, алардын экөө тең бирдей эле саясий укуктарга ээ.
Мен жогоруда айткандардын баары чыныгы ислам дининин талаптары. Тилекке каршы, иш жүзүндө андай эмес. Көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө ислам динин түшүнүү, аны кабыл алуу жана турмушка ашырууда олутуу көйгөйлөр бар. Саясий түзүлүшкө жараша аялдарын укуктары жана милдеттери ар түрдүүчө кабыл алынат. Мындай көйгөйдүн бар экендигин көпчүлүгү билишет жана моюнга алышат. Андыктан, мен башында айткандай, коомчулуктун терең катмарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Ошентип, ар кандай себептерден улам коомчулукта аялдар үй-бүлө башчысына баш ийиши керек деген түшүнүк калыптанып калган. Мындай ишенимге биринчи кезекте динчилдер өздөрү ишенишет.
Бул коомдогу туура эмес түшүнүк болуп саналат. Иш жүзүндө дүйнө жүзүндөгү мусулман өлкөлөрү бири-биринен саясий түзүлүштөрү, каада-салты, үрп-адаты боюнча кескин айрымаланышат. Көпчүлүк атуулдар ислам тууралуу маалыматты биринчи булактардан эмес, жогорудагы өлкөлөрдүн мисалынан алышат. Ал эми бул өлкөлөрдө үй-бүлөдө эркек адам башчы, ал эми аял киши болсо үйдө отурушу керек деген түшүнүк үстөмдүк кылат. Мындай түшүнүктөр таптакыр туура эмес. Туура, эркек үй-бүлөнү камсыз кылууда, аны багууда негизги ролду ойногон башчы. Ошол эле мезгилде, үй-бүлө башчысы деген сөз ал кудай алдында артыкчылыкка ээ дегенди түшүндүрбөйт. Анткени кудай алдында аял, эркек бирдей жана алар өздөрүнүн милдеттери менен айырмаланышат. Мусулман өлкөлөрүндө аялдардын ролу ар түрдүүчө. Перс булуңундагы мусулман өлкөлөрүндө аялдар иштешпейт жана аларды эркектер багууга милдеттүү. Ал эми Малайзия жана Иранда аялдар коомдо активдүү роль ойношот. Аялдар нааразылык акциясына чыгышып, өздөрүнүн укуктарын коргошуп, жогорку мамлекеттик кызматтарда иштешет.
IWPR: — Демек, исламды ар түрдүү өлкөдө түрдүүчө түшүнүшөт?
— Туура, биздин ислам тууралуу түшүнүгүбүз төмөн жана биз исламды айрым исламга чейинки эски түшүнүктөр, каада-салттар үстөмдүк кылган өлкөлөр аркылуу түшүнүүгө аракет кылгандыгыбыздан коомчулукта туура эмес түшүнүктөр жаралууда. Бизде ислам тууралуу сөз болгондо, кайсыл бир эрежени Пакистан же Афганистандагы артта калган түшүнүктөр менен байланыштырып түшүндүрүүгө аракет кылышат. Чындыгында ал исламдын чыныгы талаптары эмес, болгону аталган өлкө элдеринин кылымдардан бери келе жаткан каада-салты жана үрп-адаты.
IWPR: — Жоолук салынып чүмкөнүшүп, башкы милдети үйдө отуруп жана үй иштери менен алектениш керек деген кыздардын түшүнүктөрү канчалык деңгээлде өзгөрүүдө?
— Жалпысынан биздин коом активдүү жана аялдар да абдан активдүү болушкан. Аялдар жоолук салынып эле активдүүлүгүн жоготпошу керек. Качан биз ар кандай иш-чараларды өткөргөндө, аялдарды дайыма өзгөрүүгө, өнүгүүгө үндөйбүз. Жалпысынан жакшы өзгөрүштөр бар десек болот.
Мен соңку эки жылдан бери ислам журналынын башкы редактору болуп иштеп келем жана ислам аялдарынын деңгээлинин жогору экендигин байкадым. Ар бир күнү мен өзүмө жаңы нерселерди ачуудамын. Маселен, аялдар үйдө отуруп эле чыгармачылык, ишкерчилик менен алектенишип, бирөөлөргө жардам берип келишет. Азыр жоолукчан аялдар тууралуу жаман түшүнүктөр барган сайын жоголуп бара жатат. Ал үчүн дагы убакыт керек.
Автор: Тимур Токтоналиев, IWPRдын Кыргызстан боюнча редактору
Сүрөттөр Элиана Сатарованыкы