Каныбек Иманалиев: “Бүгүнкү муундагы саясатчылардын эч кимисин  “государственник” деп айта албайм»

Каныбек Иманалиев: “Бүгүнкү муундагы саясатчылардын эч кимисин  “государственник” деп айта албайм"Бүгүн, 18-январда, Илимдер академиясында өткөн алгачкы агартуучу Базаркул Данияровдун  120 жылдыгына байланыштуу жыйында ЖК депутаты Каныбек Иманалиев бүгүнкү муун саясатчыларына да баа берди.

“Мен парламентте күн сайын депутаттарды көрөм,  министрлерди көрөм. Өкмөт мүчөлөрүн көрөбүз жумасына.  Бирок 80 жыл мурунку Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Баялы Исакеев, Орозбеков, Базаркул Данияровдой ж.б.  бүгүнкү муундагы саясатчылардын эч кимисин “государственник” деп айта албайм.  80 жыл мурун билимдүү болушса,  бүгүнкү саясатчылар мууну ката жазат, кыргызды бириктиргендин ордуна, кыргызды бөлгөн ойлору көп болуп жатпайбы”, — деди Каныбек Иманалиев.

“Быйыл репрессияга 80 жыл. Биз ошону татыктуу белгилешибиз керек. 1937-жылы 27 миң кыргыз атылды. Атылганда да элдин күлүктөрү, чыгаандары, акылдуулары атылган. Себеби акылдуу адамдарды жок кылса, калгандарын башкарыш оңой. Билимдүү, эр жүрөк, улутчул адамдарды башкарыш өтө кыйын. Алардын эң эле улуусу Орозбеков 49 жашта, Айдарбеков 54 жашта, Абдрахманов 37 жашта, Тыныстанов 37 жашта, Төрөкул Айтматов 35те,  Токчоро Жолдошов 33тө, Эсенаманов 34 жашта эле. Булар – бир эле учурда реформатор болушкан, бир эле учурда лидер болушкан, бир эле учурда агартуучу болушкан, бир эле учурда “государственник” болушкан”, — деп айтты Каныбек Иманалиев жыйында.

 Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты