Бишкекте кандай акысыз курстар бар?

Бишкекте кандай акысыз курстар бар?Азыркы ааламдашуу мезгилинде чет тилдерди билүү маанилүү орунда. Англис тили курсунун акысы айына 1500-4500 сомго чейин жетет. Бухгалтердик эсеп боюнча курстар орточо алганда 5 миң сомдун тегерегинде. Учурдун талабы болгон компьютердик графика, видеомонтаж боюнча курстар 5 миң сомдон жогору болсо, программалоо, сайт жасоо боюнча курстар 10 миң сомдон жогору. Баарынын эле курстарга миңдеген акча коротуп окууга чамасы жете бербесе керек. Мындан улам акысыз курстардын тизмегин сунуштап көрөлү.

“Сүйүү булагы” демилгелер борбору дайыма муктаж жарандар керектүү деп эсептелген кесиптер боюнча акысыз курстарды өткөрүп келишет. Аталган ресурстук борбор жылына 250 жаранды окутуп, резюме жазуу, иш издөө боюнча кеңеш берип келет. Ресурстук борбордун курстар тизмеси:

–1С-мекеме, 8.3

– бухгалтер-кассир

– бычуу жана тигүү

–маникюр/педикюр чебери

–чач-тарач-универсал

–чөнтөк телефон, планшет жана компьютерлерди оңдоо

Жазылуу үчүн бул телефондор аркылуу байланышыңыз: 69-82-92, 0555-99-06-09

Түрк тилин үйрөнүүнү каалайсызбы?

Түркиядан келген мугалимдери менен «Түрк тилин үйрөтүү борбору» (TTEÖMER) кышкы окуу семестрине каалоочуларды чакырат. Курстар акысыз, окугандардан окуу китептери жана сөздүк китептеринин акысы гана алынат. Курсту ийгиликтүү аяктагандарга Түркия мамлекети тарабынан тастыкталган расмий сертификат берилет.

Катталуу: 1-январдан 8-февралга чейин. Сабактар: 29-январдан 25-майга чейин.  Дареги: Бишкек ш. Жал кичирайону, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттик шаарчасы, Тыналиев көчөсү, 44/А. Байланыш телефондору: 0708 70 80 33 / 0550 00 30 40

Акысыз англис тили, компьютердик курстар

К. Баялинов атындагы республикалык китепканада жаштар үчүн акысыз англис тили жана компьютердик курстары ай сайын өткөрүлүп турат. Китепкананын фейсбук баракчасына айына акысыз курстардын иштөө убактылары алдын-ала жазылат. Уюштуруучулардын айтымында, китепкана курстарга керектүү бардык заманбап ресурстар менен камсыздалган.

Кыргызстан Аялдар Конгресси январь айынан баштап айымдарга арналган курстарын баштады. 1. Бизнес-пландоо 2. Бизнести мамлекеттик тарабынан көзөмөлдөө 3. Чечендик 4. Компьютердик курстар.

Аталган курстар ар жекшемби күндөрү К. Баялинов атындагы республикалык китепканада өткөрүлүүдө. Байланыш телефондору: 66 50 52, 0559 02 30 44, 0776299063.

Корей Республикасынын окуу борбору жылына эки жолу ар бир жарым окуу жылдын башында бардык жарандар үчүн төмөнкү курстарга акысыз кабыл алат:Бишкекте кандай акысыз курстар бар?

  • Корей тили (баштапкы, орто, жогорку деңгээл); TOPIK сынагына даярдык; Этникалык корейлер үчүн атайын корей тили; Таэквондо; Компьютердик курстар.  Байланыш телефондору: 0312 30 51 79, 0312 30 46 07

Кыргызстан Кызыл Ай коому муктаж айымдарга тигүү чеберчилигин акысыз үйрөтөт.

http://www.redcrescent.kg 0312 300 190 (байланыш телефону)

КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы шаардык башкармалыгы (Свердлов, Биринчи май, Октябрь, Ленин райондору) тарабынан жумушсуз жарандар үчүн көптөгөн акысыз курстар өткөрүлүп турат. Эң башкы талаптардын бири — жарандын шаарда катталуусу бар болушу керек.

Акысыз курстардын тизмеги:

— Компьютердик графика: Corel Draw, Adobe Photoshop

— Полиграфиядагы дизайн

— ArchiCAD программасында иштөө

— СУБД Access

— Web-design (HTML, CSS)

— Видеомонтаж (Ulead Video Studio, Sony Vegas Pro)

— Слайд-шоу (ФотоШоу Pro или Power Point)

— Офис-менеджер, секретарь-референт

— Excel чакан бизнес үчүн

— Бухгалтердик эсептин теориясы (МСФО) + 1C бухгалтерия

— 1С-Бухгалтерия

— Англис, кытай, немис, орус, кыргыз, корей тилдери

Алгач шаарда каттамы бар жарандар өзү жашаган райондо жайгашкан шаардык башкаруу борборлоруна барып каттоого туруп коюшу зарыл.

  • КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы шаардык башкармалыгынын Ленин жана Биринчи май район бөлүмдөрү:

Калык Акиев көчөсү, 52 (Москва жана Токтогул көчөсүнүн арасы) — тел. 34-36-03

  • КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы шаардык башкармалыгынын Свердлов жана Октябрь райондор администрациясы:

Токтогул көчөсү, 43 (Гоголь көчөсү кес., Carven Club эс алуу борб. маңдайында) — тел.43-47-70

Бишкекте кандай акысыз курстар бар?Катталуу үчүн керектүү документтер:

  • Паспорт
  • Аттестат
  • Эмгек китепчеси

Улуттук оюндар боюнча балдар спорт мектебинде 21 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн тогуз коргоол, кулатуу, ордо боюнча акысыз билим берилет. Курстан өткөн жаштар ар кыл эл аралык деңгээлдеги таймаштарга катыша алышат.

Байланыш телефондору: 0312 47 15 90, Абдрахманов көчөсү 170 (Токтогул көч. менен кесилишет).

Даярдаган Мээрим Самиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты