Сот активистти Facebook баракчасы аркылуу депутаттан кечирим суроону милдеттендирди  

 

Сот активистти Facebook баракчасы аркылуу депутаттан кечирим суроону милдеттендирди   

Жогорку Cот активист Мавлян Аскарбековду депутат Дастан Бекешовдон кечирим суроону жана  айткандарын төгүнгө чыгарып, Facebook баракчасыны жарыялоону милдеттендирди. Активист буга чейин депутатты Азиздер жана дүлөйлөр коомунда укуктук башаламандык жаратып атат деп күнөөлөгөн.  

Д.Бекешовдун айтымынды, бел чечимди Жогорку Сот 17-январда  кабыл алган. Ал эми М.Аскарбеков болсо  соттук отурумда болбогонун, соттук чечимди албаганын билдирди.

«Соттун чечими боюнча, Аскарбеков менден Facebook баракчасы аркылуу кечирим сурашы керек, бирок ал постту «Досторго гана» деген менен чектебей,  бардыгы окугандай, көргөндөй жарыялашы керек. Мен андан акча сураган жокмун, жөн гана эл алдында кечирим суроосун өтүнгөм, ал бул убакка чейин кечирим сураган жок. Эми соттун чечими менен ал мидлдеттүү түрдө кечирим сурайт», — деди Д.Бекешов.

Ал эми  Аскарбеков болсо убагында депутаттан кечирим сураганын, бирок ал посту «Досторго гана» тиешелүү болуп калганын айтып, мында Жогорку Сотко депутат тарабынан басым жасалганын белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты