Ош: Полго төшөлгөн туунун сүрөтү талашка түштү


Ош: Полго төшөлгөн туунун сүрөтү талашка түштү

Сулайман-Тоо музей комплексинин мурунку кызматкери Аширали Маразыков «музейдин жертөлөсүн оңдоо учурунда туу таштанды топтош үчүн жерге төшөлдү» деп, бир нече сүрөттү Интернетке илди. Ал Кыргызстандын башкы символдорунун бири тепселиши үчүн Сулайман-Тоо архитектуралык музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиевди айыптады.

Мындан тышкары ал мындай иш мыйзамга каршы келээрин айтып, музей жетекчилигин жазага тартууну талап кылды.

Ал эми Сулайман-Тоо архитектуралык музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев полго төшөлгөн туунун окуясы ал жетекчи болуп келгенге чейин болгонун, ага жооптуу эмес экенин билдирди. Жетекчинин айтымында, туунун чыры иштен кеткен кызматкердин таарынычынан улам жаралган.

Кыргызстандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Мамлекеттик символ катары бекитилген желекти өрттөгөндөр, жырткандар жана башка туура эмес нерселерди жасагандар мыйзам жоопкерчилигине тартылат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты