Баарыбыз балалыктан келгенбиз…

Баарыбыз балалыктан келгенбиз...Айылдагы төркү үйлөр
Айылга барган сайын досторумдун үйүнө баргым келет. Эң башкысы төркү үйлөрүн көрүш үчүн. Анткени окуучулук кезде жалаң ошол төркү үйлөргө отуруш кылаар элек. Ошол бөлмөлөргө кирсем, олтуруп калсам анын дубалынан, терезе, шыптарынан өзүмдүн тестиер кезимди көрөм. Күлүп, жылмайып элестетем. Ошондогу биздин үндөр, ошол элестер үйдүн бурчтарына, узун-узун устундуу эски шыптардын коңулуна кирип, жашынып калгандай, жашынып алып мени мылжыйып карап тургандай болот. Төркү үйлөр. Алар дайыма жымжырт болуп, татынакай болуп жыйналып турган болоор эле. Ар бирибиздин төркү үйлөрүбүз ар бирибизге маалым болчу. Биз үчүн күйпөлөктөп аткан аяш энелерибиз отурган оозгу ашкана үйлөрдү эптеп басып өтүп төркү үйгө кирип кетсек, өз үйүбүзгө киргенсип кенен-кесир жыргап калчубуз. Башында кимдин үйүнө отурабыз, кимдин ата-энеси уруксат берет деген чоң маселе жаралчу. Кечке талкуулап атып же кыйнап атып бирөөсүнө токтолобуз. Аныбыз ата-энесин, үйүнүн шартын ойлоп атып бозоруп чыкчу. “Билбейм, мен айтып көрөм эй” деп бурк этчү. Анан баарыбыз бир-эки күн анын ата-энесинен тымпыйып жооп күтчүбүз. Анын үстүнө кыздын сыры төркүнгө маалым дегендей, биз, олтурган үйдү үч көтөрүп, согуштагыдан жаман тарпын чыгарып кетмей адатыбыз бар эле. Аны баары билип турат да… Кийинки маселе каражат. Баарылап тыйындарды кошуп эгерде ортого 10 рубль чогулган болсо анда отуруш кылганга жетет деген өлчөмүбүз бар эле. 10 рублга оо-уу анда дүкөндөн көп нерсе алчубуз. Ошентип отуруш башталат. Башында “Ээ, кыздар келип кеткенче дасторкондогу таттууларга тиймей жок” дейбиз. Алар келип кеткен соң анан балалык өз “көркүнө” чыкчу. Түн ортодон өткөн кезде байкуш үйдүн полу менен дубалдары араң чыдап калаар эле. Ошондогу аяш ата-энелерибизди эстеп азыр да кыйналып кетем. Бир күнү бир аяш энебиз биздин бөлмөгө кирди да “Уу-фф, болду, хватит, кеткиле!” деген эле орусчалап. Тажаганда орусча айтса керек. Башка бир жолу болсо үй ээси бөлмөгө кирсе свет өчүк, байкабай калып өзүн жаздык менен ургулап атыппыз… Айтор, ошол биздин балалыкты көтөргөн, түткөн энелерибиз эле… Ошолордун дээрлик көбүнүн бүгүн көзү жок. Сөз кезеги келип турганда мен ар бир классташымдын көзү өтүп кеткен ата-энесин айтып, башымды ийип эскеремин! Алар менен кошо биздин бир үзүм балалыгыбыз кошо кеткен, келбес болуп…

“Миң бир түн” менен күндөлүк
6-классты бүтүп, жайкы каникулга тарадык. Урмат экөөбүз таргыл уйду торпогу менен айдап, бир велосипед жетелеп “Ичке-Сууга” жөнөдүк. Кетип атып экөөбүздүн кайпастаган бир көйгөйүбүз бар эле… ал Насыпбек байкемдин китеп текчесинде турчу “Миң бир түн”. Акырын кирдик да аны алып баштыкка салдык. Анан жол. Айылдык балдардын сезими менен жан дүйнөсүн башкадан мурда тоо ойготот. Тоо аларга канат байлайт. Эгер болгон болсо тоо аларга талант, шык берет. Тоо жана тоого бараткан жолдор алардын дүйнөсүн байытып, кереметтерге жетелейт, баштайт. Алар түбөлүк жомок болуп эсинде калат. Тоо тазалайт, тоо жакшы сөздөрдү сүйлөтөт, тоо адамды ырдатат. Мени тоо көтөрдү. Болгондо да балалыктагы тоолор. Ошондой керемет жайлоонун бири ошол “Ичке-Суу” эле. Мен көбүнчө “бычандык” болуп “Ичке-Сууну” биринчи көрүшүм. Урмат экөөбүздүн сөзүбүз бүтпөйт. Биз тоого барганча эмес бүт балалыгыбыз өткөнчө, анын кыска өмүрү өткөнчө сөзүбүз бүткөн эмес… Жайлоо. Экөөбүз кара атты минип, кымыз байланып, дорбого баягы “Миң бир түндү” салып койго кетебиз. Кымыздыктуу беттерде отуруп алып, бетибизди тийгизип алып аны чогуу окуйбуз. Үйгө келгенде жүккө катабыз. Аны эч ким билбейт. Бир күнү шашылыш кой жапырып калып баягы китепти ат кулактарга ороп койгон бойдон баягы чоң бетке унутуп коюппуз. Дал ошол түнү кычап жамгыр башталды. Чатырда жатып экөөбүз сүйлөшөбүз “тууй ата, эмне болду экен, китеп!” Эртеси койду жайып коюп түз эле китепке бардык. Барсак башынан 50 беттей, аягынан 50 беттей суу болуп жарабай калыптыр. Ошентип ал жайда жайлоонун кызыгы да, китептин кызыгы да бүтпөй калды…

Кийин 9-класс болгонумда сураштырып атып дагы бир жаңы “Миң бир түн” таптым. Аны кайда катсам экен деп атып акыры колдонулбай калган эски кол машиненин көтөрүп койсо ачылма ичине салып коюп окуп жүрдүм. Кыш болчу. Төркү муздак үйлөргө эч ким кирчү эмес. Аны иним Маратка эч кимге айтпа деп сыр кылып айттым. Күндөрдүн бир күнү Марат экөөбүз үйдү сен жыйна-мен жыйна болуп атып урушуп кеттик. Апам жумуштан келээр замат Марат алдынан чыгып “Жүрсөңүз, мен сизге бир нерсе көргөзөм!” деди. Төркү үйгө жөнөштү. “Жо-ок, китепти айта көрбө” деп ичимен тиленгенче болгон жок, түз эле кийим тиккен машиненин жанына барышты да, Марат ачып туруп “Мына, бул Жеңишбектики!” деди. Апам “эмне экен бу?!” деп карады да мукабаны көрөөр менен “ай, басчы бери!” деди. Мен оозгу үйдү көздөй качтым. “Муну кара! Эмитен жазганы күндөлүк, окуганы “Миң бир түн” деп туруп мешти ачып күйүп аткан отко ыргытты. Акырын уурданып карасам кургур китеп мештин жылчыгында барактары балбылдап “миң куштун” көмүрүнө кошо күйүп атыптыр. Баса, ага чейин жарым дептер толгон күндөлүгүмдү да иним менен “туура эмес” маалда урушуп алып, андан да куру жалак калгам. Дегеле, советтик тарбия ошондой болчу, күндөлүк жазууга мугалимдер да катуу күрөш кылышчу. Раматылык Нуркабыл агайдан күндөлүктөрдү чоң амал менен алып калаар элек…

Эне бактек, Ата бактекБаарыбыз балалыктан келгенбиз...
Табият менен адамдын жаны бир, киндиги туташ. Ошол үчүн биринин керемети бирине өтүп турат, кээде алардын тагдыры окшош чыгат. Бала кездин бир керемет жайында үйгө эки бактек келди. Кире бериш чатырчанын алдынан экөө түнөк тапты. Учуп кетет, кайра конот. Учуп кетет кайра ошол жерде калышат. Гүүк-гүүк этип үн чыгарып сайрашчу. Эң башкысы бир бактектин төшүндө дөмпөйүп, кызыл болуп кансырап турган жаралуу жери бар болчу. Биз ал бактекти жараланган атам, экинчисин чоң энем экен дечүбүз. Биз экөөнү ошентип атап алдык. Болбосо булар эмне үчүн бизге келишмек эле деп балалык дүйнөбүз менен алардын чымчык болуп келгенине толук ишенчүбүз. А чынында эле эмне үчүн жаралуу болду экен? Мен аны азыр да ойлоном. Ал чын эле ок жеген атам болчу деп азыр да ишенем. Биз аларды көбүнчө терезеден карачубуз. “Келди, келди” деп терезеге үйүлчүбүз. Айнекке бетими жабыштырып алып караганда башын дирт-дирт буруп, кара тоголок көзү менен ал мени да карачу. Алар эми бирдеме деп сүйлөшү керек болчу. Алар бизге бир нерсе айталы деп келишкен… А кээде байкабай эшикти ача калсак чочуган бактектер дүрр коюп учуп чыгышчу. Ар бир жолу катуу чочуган сайын мен каап деп өкүнөөр элем. Эми келбей койбосо экен деп. Канча өттү билбейм алар бир күнү чындап келбей калды. Канча күттүк. Келишкен жок. Ошондо чатырчанын ээнсирегенин айт. Таарындыбы дечүмүн. Жаралуу бактек. Ал мага же мен ага бир нерсе кылышым керек эле… Алар сырын ачпай кетишти…

Көпөлөк-гербарийлер
Көпөлөк кууп өткөн балалыктын айтчусу көп болот. Анткени көпөлөк тандап, көпөлөк кармаган ал да чоң жумуш эле. Айылымдагы ак көпөлөктүн бир нече түрү бар, анан сары көпөлөк, анан калдыркан көпөлөк. Биз аны кээде алакандай болгон көпөлөк дечүбүз. Чанда көрүнчү калдыркан же сарысы чыкса амалдуу мергенчидей артынан өңүп барып кээде аларга кайрылаар элем:  — Ээй, сары көпөлөк, кое турсаң, токтоп койсоң, кичине эле коно турсаң эми, — деп. Биринчиден, ким көп кармады деп жарышчубуз. Экинчиден, көпөлөктүн канатын тапаныңа сүртсөң өлө күлүк болуп каласың деген сөз бар эле. Эң башкысы анан алардын эң кооз же эң чоңдорун төркү үйдөгү атамдын “Ленинградда, Москвада, Крымда” деп жазылган айыл-чарба жана ветеринарияга байланыштуу чоң китептерине катытканы салчубуз. Ошол гербарий-көпөлөктөрдүн эң акыркыларын университетте 2-курсумдун каникул кезинде китептерди аңтарып отуруп таптым эле. Ал көпөлөк, китептер мага эки нерсени: атамды жана балалыкты эстетип турчу…

 “Ошол нанды бөлүп жебей апаке…

…оозум кетет туз куйгандай ачышып”
—Кел, балам, чай ичип алалычы, өзөрүп кеттик, — дейт апам. Мектепте кезде экөөбүз жанаша олтуруп алып чоң таштектерге кир жуучубуз. Эки сыйра жууп кайра эки сыйра чайкайт деген эреже бар эле. Огороддогу кардан сузуп келип суу ысытчубуз. Алар мештин үстүндө пысс-пысс этип эрип атчу. Тамыры чыккан колдорун аяп мобуну мага бериңиз, муну мен сыга калайын деп турар элем. “Алдагы шымың да кир го” дегенде жок таза деп ийчүмүн, анын оордугунан качып. Анан бир кезде ошентчү, “келчи балам, чай ичели” дечү. Билем, советтик доордо деле тартыштык көп болоор эле, үстөл үстүндө тууралган нан, шекер, сары май… болду. Ушундай эле жупуну болоор эле көп учур. Анан чай ичкенге олтурчубуз. Ысык чайга бир аз май салып нандан алып жеп кирет элек… анан алыстагы студент эжем же агамы айтып жайында келсе антебиз, минтебиз деп бир тирилик жайын кеп кылчу. Денеден шайды сууруп алган додо кирден кийин бир саамга унчукпай олтуруп калчубуз. Апамдын дасторкондун бир бурчун кыймылсыз тиктеп олтуруп калган ошол калыбы сүрөтчү тартаар идеядай көз алдыма келет. Кээде ал элес бүт асманга толуп мага көктөн көрүнөт. Азыркы заманда курсак ачса ысык тамак, дүйүм дасторконсуз турбай калган кез… Кээде достор менен төгүлүп-чачылып, каткырык-сүрөөн менен, сөздөрдүн төрөсүн сүйлөп, телегейи тегиз отурган кезде капилет эле тык этип качанкы бир ошого окшош ойлор келет… Чайга нан жумшартып жеп отурган… Анан акын Турар жазгандай, май чайнап отурган оозум туз куйгандай ачышып кетет…

Эдигеев Жеңишбек

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты