24-январдагы аба ырайы
- 7 месяцев мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 24-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндуз кар жаабайт, туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.
АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:
Чүй, Таласта түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;
Нарында түнкүсүн -22…-27, күндүз -13…-18;
Бишкекте күндүз кар жаабайт. Түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4.
Муну бөлүшүү




