24-сентябрда Бишкекте жарым марафон өтөт
- 1 год мурун
24-сентябрда Бишкекте жарым марафон өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 8:00дө «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинен Жайыл-Баатыр №66 көчөсүндө Бишкек жарым марафонун старт алат.
Ага ар кайсы өлкөлөрдөн кесипкөй спортчулар жана жөө күлүктөр катышат. Алар: 21 км 97 м, 10000 м, 3000 м, скандинавтык басуу: 10000 м жана 3000 м аралыктарга катышат.Жарыштын катышуучулары ошол эле жерде марага чыгышат.
Жарым марафондун уюштуруучулары: Бишкек шаарынын мэриясы, Жеңил атлетика федерациясы, «Эл аралык марафондун дирекциясы» коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы.
Муну бөлүшүү