24.kg’нин мурдагы жетекчиси Асел Оторбаева: «Эч кандай рейдерлик болгон жок»

  • 4 месяца мурун

24.kg’нин мурдагы жетекчиси Асел Оторбаева Фейсбук баракчасына билдирүү жазды. Анда ал эч кандай рейдерлик болбогонун жазды.

«Кызматтан жана агенттиктен кетүү чечими бир жылдан ашык убакыт мурун кабыл алынган. Үй-бүлөлүк жана ден соолукка байланыштуу. Бул тууралуу биринчилерден болуп Махинур (ред. Махинур Ниязова) билген. Ага 24.kg’ни жетектөөнү сунуштадым. Махинур ойлонгонго убакыт сураган. Ал жетекчилик кызматка коркорун айтып, баш тарткан. Бул боюнча редакторлордун, жарнама бөлүмүнүн директорлордун маалыматы бар болчу. Үч вариантты карап жатканымды айткам. Эч кандай рейдерлик болгон», — деди Оторбаева.

Оторбаева жаңы жетекчини көптөн бери тааный турганын жазды. «Агенттикке белгилүү журналист Алмаз Турдумамбетов негиздөөчү болуп келди. Мен аны көптөн бери тааныйм. Ал буга чейин биздин сайттын кыргыз версиясында редактор болуп иштеген», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты