24.kg маалымат агенттигин жабууга аракет болду

  • 2 года мурун

24.kg маалымат агенттигин убактылуу жабууга аракет болду. Бул тууралуу аталган сайт жазып чыкты.

Агенттиктин сайты 25-августтан тартып айрым интернет провайдерлерде ачылбай калган. Санариптик өнүктүрүү министрлигине аталган сайтка бөгөт коюу тууралуу көрсөтмөнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги берген. 24.kg маалымат агенттигине сайтты жабуу тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.

Кийинчерээк агенттик бөгөт коюу тууралуу чечим артка чакыртып алынганын аныктаган. Бирок ошого карабай кээ бир провайдерлер сайтка кирүү жолун жаап салганын айтышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты