24.kg: Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда

  • 1 год мурун

Башкы прокуратура депутат Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылып жатканын 24.kg сайты өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

«Башкы прокуратура органы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу актоо өкүмүн жокко чыгаруу боюнча арыз берген. Арыз Жогорку Сотко түшкөн. Иштин датасы азырынча белгилене элек», — деп жазылды аталган сайтта.

«ПолитКлиника» медиасы Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына байланышканда мындай маалыматтары жок экенин билдиришти.

Эске салсак, Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттардын арасында Эмил Жамгырчиев да болгон. 

УКМК Финансы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевди 2020-жылы октябрь айында ири өлчөмдө пара алууга шектүү катары кармаган. 2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иши каралып, ал акталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты