VIP-шаарчадагы жаңжал: Келдибеков жана Куловдун жубайы шаарчанын административдик имаратын басып алышты

VIP-шаарчадагы жаңжал: Келдибеков жана Куловдун жубайы шаарчанын  административдик имаратын басып алышты“Ала –Арча” VIP-шаарчасынын административдик башкармалыгында иштеген кызматкерлер алмашып, 5 кишиден турган жаңы башкармалык шайланган. Бирок мурункулар кийинкилерге иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатышканын жашоочулар айтышууда.  Иштен бошотулган күзөт кызматкерлери ордунан кетпей жатат, мурда алар Феликс Кулов менен Ахматбек Келдибековдун күзөт кызматында иштегендер экенин жашоочулар айтышат.

17-январда Ахматбек Келдибеков жана Феликс Куловдун жубайы Фатима Абдрасулова шаарчанын административдик имаратын басып алышып, жаңы составды иштетпей жатышканы аларды тынчсыздандырууда. Административдик имаратты бошотпой жаткандар мурда шылуунчулукка барышып, алардын айынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул шаарчага 2,5 млн сом айып пул салганын билдиришүүдө.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты