Агартуучу Базаркул Данияров эскерилет

Агартуучу Базаркул Данияров эскерилетЭртең, 18-январда, КР Илимдер академиясында  Кыргызстандагы билим берүү башатында турган агартуучу Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына арналган жыйын өтөт. 

Базаркул Данияров Кыргызстандын ХХ кылымдын 20–30-жылдардагы агартуучусу, коомдук ишмери, окуу китебинин автору  болгон.  Ал 1928-жылы Ишеналы Арабаев жана Касым Тыныстанов менен биргеликте “Чоңдорго кат таануу алиппесин” жазган. 1937-жылы  жазыксыз жазаланып, абакта набыт болгон.

Илимдер академиясындагы жыйынга тарыхчылар, илимий жана чыгармачыл интеллигенция, агартуучунун туугандары чакырылган. Бул тууралуу Илимдер академиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты