Тургундар: Айыл өкмөтү кызмат абалынан пайдаланып жатат

Редакциябызга Төмөнкү Ала-Арча айылынын тургундары Нурлан Жумабеков менен Сергей Шевченко кайрылган. Алардын айтымында, аталган айылдын айыл өкмөтү Алиев Эрнис өзүнүн кол алдында иштеген Шакир уулу Русланга төмөнкү Ала-Арча айылына тиешелүү делген мамлекеттик жана муниципалдык үйдү акысыз, кайтарымсыз белек катары берип койгон. Бирок, бул фактыны Шакир уулу Руслан четке кагып, айылдык кеңештин депутаттарынын макулдугу менен ал үйдү алгандыгын айтат.

“Биз жардам берүү үчүн 500 сом бере албайбыз. А бул жерде үй берип жатат”

Айыл тургуну Сергей Шевченко Алиев Эрнис өзүнүн кол алдында иштеген Шакир уулу Русланга төмөнкү Ала-Арча айылына тиешелүү делген мамлекеттик жана муниципалдык үйдү акысыз, кайтарымсыз белек катары берип койгонун айтты:

— Төмөнкү Ала-Арча айылында мамлекеттин менчигиндеги үй бар болчу — Логвиненко 144. Ал жерде айылдын жумушун жасаган жумушчулар жашачу. Анан убакыт өткөндөн кийин биздин айыл өкмөтүнүн орун басары Руслан(ред.Шакир уулу Рсулан) келип, ал жердеги жумушчуларды мамлекеттик үйдөн чыгарышкан. Андан кийин депутаттардын сессиясында ал үйдү жеке жактарга өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Бирок, үйдүн азыркы баасы бааланып, үйдү ала турган адам ал сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилиши керек эле. Бирок, алар антпестен үйдү аким Алиев Эрнис өзүнүн кол алдында иштеген орун басары Шакир уулу Русланга бекер эле берип коюшкан. Кайсы кылган иштери үчүн бергендиги белгисиз. Биз адамдар, кээде жардам үчүн 500 сом бере албай калабыз. А бул жерде биздин айылдын карамагындагы бир үйдү бекер эле берип салыш атпайбы. Ошол эле учурда 200дөй адам турак-жайга муктаж адамдардын тизмесинде турат.

“Каналды тазалоо үчүн 750 миң сом акчалар коротулуптур. Бирок, ал канал беш жылдан бери бир да жолу тазаланган эмес”

Төмөнкү Ала-Арча айылынын жашоочусу Нурлан Жумабековдун айтымында, Алиев Эрнис төрт жыл бою айыл өкмөтү болуп, бирок ал жылдар ичинде айыл үчүн алгылыктуу эч нерсе кылган эмес:

— Алиев Эрнис төрт жыл айыл өкмөтү болуп туруп, айыл үчүн алгылыктуу эч нерсе кылган жок. Ал тургай ага чейин жасалган иштерди сактап кала алган жок. Мисалы, ага чейинки жылдары асфальтталган жолдор бузулган, бала-бакчалар, аялдамалар такыр эле каралбай калган. Мен бул маселе менен көп эле жерге кайрылдым. КРнын Эсеп палатасына да кайрылдым. Бирок, алар келип бир карап эле эч нерсе кылбастан кетип калышат. Мен “Коллекторная” көчөсүндө жашайм. Биздин көчөдөн “Дренаж” каналы өтөт. Ошол каналды тазалоо үчүн 750 миң сом акчалар коротулуптур. Бирок, ал канал беш жылдан бери бир да жолу тазаланган эмес.

“Айланасына тааныш депутаттарын топтоп алган”

Ошондой эле, төмөнкү Ала-Арча айылынын айыл өкмөтү Эрнис Алиев жанына, өзүнүн тааныш депутаттарын топтоп алганын, алар аны гана шайлап жаткандыгын айтат Нурлан Жумабеков:

-Айыл өкмөтүн депутаттар шайлашат. Биздин айылда 21 депутат болсо, анын 16сы ага добуш беришкен. Түшүнүксүз, эмнеге алар ага добуш беришти? Себеби ал депутаттарды өзү алып келген. Шайлоо учурунда мен БШКга кайрылдым. БШК мага “Биз аларды текшере турган орган эмеспиз. Биз мындай каттарды текшерүүгө укугубуз жок” деп жооп беришти. Ал депутаттар биринчиден ал жерде жашабайт, экинчиден алар мончолорго катталган. Мен Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганымда, алардан “Адам мончого катталганга укугу жок” деген жооп келди. Андай болсо, алар кантип катталышканы түшүнүксүз. Бул маселе боюнча, Аламедин райондук соту ушул жылдын 6-майында иликтөө жүргүзүп, Мамлекеттик каттоо кызматы бардык документтерди өткөрүп бергенине карабастан, алар мага “Кылмыш ишин козгодук” деп гана жооп беришти.

“Бардыгы мыйзам чегинде чечилген”

Ошондой эле, бул маселе боюнча төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн орун басары Руслан Шакир уулуна кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду:

— Ооба, ал үйдө учурда мен жашап жатам. Менин буга чейинки жашаган иштериме карап, жаш үй-бүлө экендигибизди эске алып айылдык кеңештин депутаттарынын чечими менен бул үйдү мага беришкен. Ал үй мага берилгенде Сергей Шевченко өзү да депутат болчу жана чечимге макулдугун берип, кол койгон. Баарын тастыктай турган документтер да бар менде. Баардыгы мыйзам чегинде чечилген.

Айылдык кеңештин депутаттарынын мамлекеттик жана муниципалдык үйдү айыл өкмөтүнүн орун басары Руслан Шакир уулуна берүү тууралуу чечимине, ошол кездеги депутат Сергей Шевченко да кол койгондугун айтат акимдин орун басары Руслан Шакир уулу.

Тургундар: Айыл өкмөтү кызмат абалынан пайдаланып жатат

— Шевченко канчанчы бир чакырылыштын депутаты. Буга чейин мамилебиз жакшы эле болчу. Анан бул депутаттык шайлоодон кийин башталды да. Жумабековдун келинчеги өтпөй калды. Анан өзүнүн жеке жек көрүүсү болуп эле, мен эле эмес бардыгыбызга асылып, ар кайсы жакка жазып жатат. Биз бардык жерге документтерди көрсөтүп жатабыз. Кандай негизде чечилген. Менде чогулуштун чечиминин бардык документтери бар. Шевченко баш тарта албайт, анткени ошол сессияга катышкандагы ошол менен чогу иштешкен депутаттар дагы бар азыркы чакырылышта.

— Алар жалаа жаап ар кайсы жакка кайрылып жатышат. Мен да сотко кайрылайын дегем. Шевченко биздин айылдык кеңештин депутаты. Экинчиден бул маселени сессияга да койгон жок. Сот аркылуу дагы закондун тартиби, талабы боюнча кылышы керек болчу. Булар түптүз эле массалык маалымат каражаттарына чыгарып эле жамандап каралоо иши менен гана алек болуп калды. Депутаттардын арасынан да бөлүнүп калды. Кече күнү мектепке барып да ызы-чуу салды.

— Анан дагы бир маалымат, биринчиден Жумабеков чын эле биздин жаран. Бул бир нече жолу соттолгон адам. Менин билишим боюнча. Өзгөчө оор кылмыштар менен отуруп келген. Азыр да менин билишим боюнча, шылуундук боюнча иши бар Аламүдүн райондук ИИБда. Мен билбейм так, бирок болжолдуу. Ал бийлик бутагындагы Шевченко менен тыгыз мамиледе болгону эмнени түшүндүрөт деп суроо бергим келип турат. Ушул нерсени чыгарган мыйзамга туура келеби? Мен эртен төгүндөйм да. Анын өзгөчө оор кылмыштар менен отуруп чыккан дегенге менин далилдерим да бар. Мен сотко да кагаз даярдап жатам. Бул маалымат айылдык кеңештин ичинде гана калышы керек болчу да. Айылдык кенеш чече албаса, анан ММКлаган чыгарса болмок.

— Мен мага үй бергиле мен канча жылдан бери иштеп атам деп арыз менен кайрылгам да. Анан аны сессияга салып, ошонун негизинде чечим чыккан. Ал жазган арызым бар. Анан Мамлекеттик катоо кызматы да жөн жерден мага үйдү каттабайт да. Ал айыл өкмөттө тиркелип турат.

“Ал адамдардын айтканы чындыкка дал келбейт”

Ал эми төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Алиев Эрнис менен байланышканыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду:

-Үй эч кандай белекке берилген эмес. Бул жерде мыйзам чыгаруучу депутаттар чечим чыгарып беришкен. Менин орун басарын Руслан Шакир уулу көп жылдан бери иштеп, үйү жок, батирлеп жүргөн. Ошого айылдык кеңештин депутаттары ошондой чечим чыгарып беришкен.

Ал эми көчөлөр жасалбайт, канализициялар оңдолбойт деген нерсеге толугу менен кошулбайм. Канализация бүтүп, эксплуатацияга берилген. Булар каралай берет да. Өзүңөр деле келип көрүп кетсеңер болот. Мен ар бир люкту ачып көрсөтүп берем бүткөн канализациялардыкын. Жасаган жолдордун баарын көрсөтүп берем. Алардын айткандары чындыкка дал келбейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты