Демократия кризиси

Демократия кризисиЭл аралык  Freedom House уюму дүйнө өлкөлөрүнүн жарандык жана саясий эркиндигинин абалын иликтеген жылдык баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстан жарым-жартылай эркин өлкө деп табылды.

Анда дүйнөнүн 195 өлкөсүндөгү абал тууралуу айтылат. “Дүйнөдөгү эркиндик-2018: демократия кризиси” деп аталган иликтөөдө Кыргызстан 37 балл алып, “жарым-жартылай эркин өлкө” деп табылды.

Бирок Кыргызстан Борбор Азиядагы  жападан-жалгыз жарым-жартылай эркин өлкө.  Ал эми Тажикстан (11 балл), Казакстан  (22 балл), Өзбекстан (7 балл) жана Түркмөнстан (4 балл) алган.

Эркиндик деңгээли Финляндия, Норвегия, Швецияда баарынан жогору. Андан кийин Канада, Австралия, Люксембург, Жаңы Зеландия, Уругвай өлкөлөрү.

Эркиндиктин көрсөткүчү эң төмөн өлкөлөр: Сирия, Түштүк Судан, Эритрея, Түндүк Корея, Түркмөнстан, Экватордук Гвинея  болуп чыкты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты