Социалдык тармактардагы маалыматтарды тескөө сунушу менен дагы бир депутат чыкты

Социалдык тармактардагы маалыматтарды тескөө сунушу менен дагы бир депутат чыктыБул жолу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов мындай демилге көтөрүп чыкты. Жыйында Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзам талкууга алынып жаткан. Примов социалдык тармактарда талартылып жаткан ар кайсы маадыматтарды көзөмөлгө алган норма иштеп чыгуу керектигин айтты. “Ал жакта улуттук кызыкчылыкка каршы келген такталбаган маалыматтар, ушактар болуп жатат. Өкмөт бул маселени карап чыгышы керек. Социалдык тармактардагы маалыматтарды чектешибиз керек” деди депутат. Юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев бул маселе каралып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактардагы маалыматтарды тескөө боюнча мыйзам долбоорун буга чейин КСДПнын дагы бир депутаты Дастанбек Бекешов иштеп чыккан эле. Декабрдын аяк жагында ал ТВда, радио, интернет ресурстарында абройго шек келтирген маалыматтарды жокко чыгаруунун формалары тууралуу мыйзам долбоорун талкууга алып чыккан.Эл өкүлү компенсация катары минималдык 20 миң сомду бекитүү керектигин сунуштаган. Социалдык тармактарда депутаттын сунушун сындап чыгышкан эле. Бекешов өзү бул мыйзам сөз эркиндигин эч кандай чектебейт деген жообун берип келет.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты