Назарбаев менен Трамп аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты (видео)


Назарбаев менен Трамп аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты (видео)

16-январда үч күндүк расмий сапар менен Вашингтонго келген Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Акыркы жолу Назарбаев Акүйдө расмий сапар менен 2006-жылы болгон.

Президент Трамп аймактык коопсуздук маселесинде Казакстан маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, Ооганстанда терроризм менен күрөшүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылыгын айтты.

Президент Назарбаев Трамптын президент болуп шайланышынын бир жылдыгы менен куттуктап, АКШ менен Орусиянын ортосундагы саясий мамилелердин начарлаганына тынчсыздануусун билдирди.

“Американын көз карандысыздык жана аймактык бүтүндүгүбүзгө көрсөткөн колдоосун Казакстан жогору баалайт ”, — деди Назарбаев.

Назарбаев Казакстанда америкалык ири мунай компаниялар иштеп жатканын эске салды. Ал казак тарап америкалык компаниялар менен 7,5 миллиард АКШ долларына тете 20дан ашуун келишим түзүүнү пландап жатканын айтты.

Назарбаевдин билдиришинче, Астана “Боингдерди” жана «Женерал Электриктен» 900 электровозду сатып алууну көздөөдө.

Назарбаев АКШдагы бул жолку сапары учурунда, 18-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинде өзөктүк куралды жайылтпоо маселесине арналган жыйынга да катышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты