Акматбек Келдибековдун жазган доктордук иши чабал экен делип жокко чыгарылды

Акматбек Келдибековдун жазган доктордук иши чабал экен делип жокко чыгарылдыЖогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков доктордук диссертация жазып, ал жараксыз деп табылган. Бул маалыматты Кыргыз экономикалык университетинин илимдер боюнча проректору Көбөгөн Атышов “Билим АКИpress» маалымат булагына тактаган. Анын айтымында, 2017-жылы чынында эле Акматбек Келдибековдун фискалдык саясат боюнча диссертациялык иши кафедрада талкууга алынган. “Мен диссертациялык кеңештин мүчөсү жана илимдер боюнча проректор катары бул талкууга катышкам. Акматбек Келдибеков өз доклады менен чыкты. Аны менен чогуу илимий жетекчиси, 4-5 илимдин доктору катышты. Биз анын иши менен таанышып чыгып, шифр ылайыктуу эмес деген жыйынтыкка келдик. Себеби, бул иште финансы боюнча көп айтылыптыр. Анан дагы илимий иш чабал экен. Ошондуктан. Бул ишти биз жокко чыгардык” дейт Атышов.

Кошумчаласак, Келдибековдун диссертациясынын темасы “Рыноктук экономиканын шартындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фискалдык саясатынын социалдык-экономикалык эффективдүүлүгү” деп аталат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты