Алтайда Путинге кол топтоо үчүн кишилерди автобус менен ташышууда

Алтайда Путинге кол топтоо үчүн кишилерди автобус менен ташышууда

 

Орусиянын Бийск шаарындагы муниципалдык телеканал президентикке талапкер Владимир Путиндин талапкерлигин колдоп кол топтолуп жаткан жайга студенттер менен завод жумушчулары уюшкандык менен жеткирилип жатканын билдирди.

Телеканалдын сюжетинде кол топтоо жайларынын бири Бийск заводунун маданият жана спорт сарайында уюштурулганы айтылат.

Анда сүйлөгөн завод жумушчуларынын биринин айтымында, каалаган кызматкер кол топтоо жайына барып келиши үчүн атайын транспорт уюштурулган.

Сюжетте журналист кол топтоо жайы төрт күн иштегенин, бул арада шаардагы ишканалардын дээрлик бардык жумушчулары жана окуу жайдын студенттери өзүн өзү көрсөткөн Владимир Путинге колдоо көрсөтүшкөнүн айтты.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылы 18-мартка белгиленип, шайлоо өнөктүгү былтыр 18-декабрда башталган. Талапкерлердин арасында учурдагы президент Владимир Путин, журналист Ксения Собчак, президенттин ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча өкүлү Борис Титов, «Яблоко» партиясынын өкүлү Григорий Явлинский ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский, КПРФ партиясынын өкүлү Павел Грудин жана башкалар бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты