Жолоочу көрсөң токтой жүр…

Жолоочу көрсөң токтой жүр...Жакшы жашамак бар, жакшы өлмөк жок
Студент кезимде бир күнү кышкы каникулда кичи-автобус менен айылга каникулга келаттым. Байгөнчөккө жеткенде элүүлөр чамасындагы бир киши мени үйгө жакын түшүрүп койсоңуз деди. Ары жактан эшиктин алдына боз үй тигилип, эл котолоп турган үй көрүнгөндө автобус токтоду. Баягы киши шашкалактап жүктөрүн түшүрө баштады. Чоң баштыктар, коробкада азыктар, кичирээк капта ун, шекерлер экен. Ансыз да бут коерго жер жок автобустан жүктөрүн тердеп-кургап атып сууруп түшүрдү да, дагы калып калган жокпу дегенсип ичти шашып карады. Жерге түштү да суурулган шарфын, кыйшайган тумагын оңоп, тиги боз үй жакты бир уурданып карады да, “Оо-о эсил кайран атакем, эми кайдан көрөйүн!” деп буркурап ыйлаган бойдон боз үй беттеп жөнөдү. Арыда аны утурлап эки-үч киши чуркады. Элдер дуулап өкүрүк салды. Автобус жылды. Артта жерге жайнаган жүктөрү калды… Ичтеги кишилердин баары “Ээ, байкуш ай, атасы тура, ээ кудайым!!!” деп үшкүрүнүштү. Мага бул көрүнүш абдан таасир этип, катуу тийди. Шаардан шашылыш угуп, шашылыш кем карч артынып келатканын карачы деп, атасынын акыркы үнүн укпаптыр да деп көңүлүм ооруду. Атасы канчага чыкты экен дедим. Балким, узак жашагандыр, балким, бактылуу өмүр сүргөндүр, бирок да көрчү, өлүмдүн кабары дайым суук, ал жакшы-жаман учурду, бар-жокту, жайды-кышты тандабайт. Ал ар качандан бир качан арман болчу, арман бойдон калат эми да.

Өзгөндүк тууганыма
Атам Өзгөндө төрөлүп, балалыгы калган үчүн, Белек абамдын кызы Суусар Өзгөнгө турмушка чыккан үчүн, Аманат апам Өзгөндүн кызы болгон үчүн ал жак менен кезинде байланышыбыз өтө тыгыз болгон экен. Ал тарапты Өзгөн дебей биздин айылдыктар Анжиян дешчү. Эми деле ошентишет. “Анжиянга барып келдик, Анжияндан жээндер келиптир, Анжиянга малга бардык” дешет. Ошол себептен биздин үйдө, биздин балалык кезде “Анжияндык туугандар” деген сөз өтө маанилүү, өтө баалуу жана табышмактуу да эле. Анткени атам каза болгону мурдагы катыш дээрлик токтоп калган кез. Анжияндыктар алар кимдер, алар кандай кишилер, жакын тууган болсок, демек өтө жакшы, өтө сыйлуу адамдарыбыз экен да деп тамшанып да, түшүнүп-түшүнбөй да жүргөн учурубуз эле. Ошол 1978-79-жылдардын жадыраган жай күндөрүнүн биринде үйдө олтурсак эле эшиктен агам Бакыт үйгө чуркап кирип, “Ээй тургула, баскыла, үйгө Анжияндан бир апа келди, баягы туугандарыбыздан экен, болгула, кана Жеңишгүл, кана Мончок эжем, тур чакыргыла, издегиле!” деп какап-чакап, мүдүрүлгөн бойдон кайра сыртка атты. “Анжияндык туугандар!!!” деп Марат экөөбүз бири-бирибизди бир карашып алдык да толкундангандан жүрөгүбүз оозго тыгылып, биз да сыртка чуркадык. Үйдөн эшикке чыга калсам эле аштымкананын аркы бурчунан колуна чоң булгаары сумка алган, кара баркыт чапан кийип, чоң ак шаалы жоолук салынган, колунда таягы бар, белин бир топ эңкейтип баскан кемпир келатыптыр. Араакта дал биздикине окшогон чоң булгаары чемодан турат. “Оой-иий, карачы, ушунча жүк менен тууганыбыз келген тура” дегиче, Бакыт “тур, Мончок эжемди издеп кел” деп кыйкырды. Мен алактаган бойдон төркү үйлөрдү бир карап чыктым да тамдын артына чуркадым. Ошол жакта го дедим. Жок. Андан ары сай тараптагы арыкка жөнөдүм. Себеби биз Мончок эжем баш болуп баарыбыз ошол арыкка барып машина деп, үй деп, куурчак деп, айтор оюндун баарын ойночубуз. Ал жакта го десем дагы жок. Шашып баратсам да көзүмө ушунчалык сонун көрүнгөн таштан, зымдан жасалган машинелерибизди жал-жал карап өтөм. Марат болсо ары жакта Бөлөкбай акемдики жакта жүрөт издеп. Мен андан ары сайды көздөй мына чуркай береримде үй артынан Бакыт кыйкырды, мен “Жоок!!!” деп алаңдап аргасыз колумду жаздым. “Бас, келгиче үйдү ырастайлы” деди. Кайра үйгө чуркадым. Чуркап келсем бүкчүңдөгөн кемпир эми тепкичтен үйгө кирип бараткан экен. Мен анжияндык туугандын дал апам районго кеткен күнү, минтип эжемдер бир жакка чыгып кеткенде келип калганына тимеле итатайым тутулуп, ордума тура албай, эми кандай кылабыз деп жанымдагы Бакытты улам-улам карап, болгону аны эш тутуп алыстан келген тууганыбыздын артынан карыштап улам жылып аны үйгө киргизип бараттык. Ошол маалда ырас ары жактан Жеңишгүл эжем келип калды. Тууганыбыз далиске киргенде мен чуркап барып аркы чоң төркү үйгө кирчү эшикти чоң ачтым даярдап. Тууганыбыз мына жаныман өтүп узун залга кирип калган кезинде эле, кудай мындайдын бетин ары кылсын, артынан келаткан Бакыт “Ээ, мына сага!” деп туруп тиги апанын, тиги анжияндык тууганыбыздын көчүгүнө тээп калса болобу!!! “Ээээ-эй Бакыт! Эмне кылдың ыя!?” деп денемди ток тарткансып, көзүм алайып, көргөн көзүмө ишенбей сүйлөп атканымды же дудук болуп калганым билинбей, эсими жоготконсуп каалгага жабышып калдым. Бакыт тебээри менен эле тиги кемпир, кудай бетин салбасын, башкача үн чыгарып, бели-башы түзөлө калып эле, бир башкача олдоксон кыймылдап, дүңкүлдөгөн бойдон зал менен өйдө чуркап жөнөсө болобу. Мен мына эстен танчудай болуп элейип аны карап турсам, шарак эле башындагы ак жоолукту алып ыргытып, алаканын шарт уруп каткырып чыга калса, көрсө ал ким экен дебейсиңби??? Мончок эжем экен! “Кой-кой-коюңузчу! Си-з-сиз, сиизби..!” деп бир топко жалдырап барып, анан өзүмө келип ишенбедимби. Жеңишгүл эжем менен Марат андан бетер шок. Мына бир аздан кийин анан кыраан каткырык салып баарыбыздын күлгөнүбүздү айт. Тимеле жерге оонап, боорубузду тытып, үйдү жаңыртканча күлдүк. Кечке күлдүк. Ай ошондо Мончок эжемдин ушунчалык аткарганы ай! Тимеле бир жеринен кынтыксыз жасанып, кынтыгы жок ойногон. А Бакытты айтсаң, ал өзүнчө чоң актер. Мен быйыл маселен 46 жаштамын. Ал окуя дээрлик мындан 40 жыл мурда болгон экен. Ошондогу, мен эшикке атып чыга калгандагы эң биринчи көргөн “анжияндык тууганыбыздын, чапанчан кемпирдин” таяк менен басып келаткан карааны, сөлөкөтү күнү бүгүнкүдөй көз алдымда калыптыр. Анан келип Бакыттын тепкени, “кемпирдин” белин бир паста түптүз кыла калып чуркаганы бала кезимдеги мен сүйгөн бир сонун кинонун лентасындай эстеген сайын көз алдымда айланат. Анжияндык туугандар деген сөздүн өзү бизге чынында ушунчалык баалуу эле. Эжем менен Бакыт ошол үчүн ошол чоң темадан “үзүндү” коюп жатышкандары экен. Эжем. Мончок эжем. Керемет эжем менин! 52 жаш гана жашап-жашабай азыр анын жер алдында жатканына эмгиче түшүнбөйм! Түшүнбөйм!

Жолоочу көрсөң токтой жүрЖолоочу көрсөң токтой жүр...
Агам Бакыт, иним Марат болуп айылга баратабыз. Бакыт “айылга сонун” деп  “жол тандабас” айдап алган. Иним айылда, агам шаарда, мен алыста… сөз бүтпөйт. Дөңгөлөк чимирилет. Мен дүйнөдө айылыма алып бараткан дөңгөлөктөргө, самолеттун канаттарына өзгөчө көңүл бөлөм. Аларга кубат, күч тилейм. Токтобой, кечиктирбей, адаштырбай алып барса дейм. Анткени айылдан алыс өмүрүм көп болду. Анткени айылды элде жоктой сагынам. Элде жоктой эңсейм! Токтоп калбаса экен кайдадыр бир жолдордо дейм… Айылыма жетпей калбасам экен дей берем… Каалаган учурумда сапар буйруп, каалаган учурумда топурак буйруса дейм… Аңгыча “Жеңиш” айылынан өтүп сазга келип калганда жол жээгинде төрт киши турган экен. Мына алардын тушунан өтүп баратып агам айтты “бу кишилерге токтойлубу?” деди. Мен жооп кылганча “учураша өтөлүчү!” деп тормозду басты. Баарыбыз шарт жерге түштүк. “Ассаломалейкум” деп учураштык. Ошол айылдын тургундары экен. Уй кесүүнү акмалап турушуптур. Ал жайыбызды айтып тааныша кеттик. Тааныша келсек биз жолуккан кишинин бири ким экен дебейсиңби? Жашы жетимишти таяп калган, колунда таягы бар, кээде энтигип дем алып жөтөлүп койгон ал киши… атам колхоз конторунда, иш бөлмөсүндө отуруп ок жеп ошол жерге жыгылганда биринчилерден болуп барып колунан сүйөгөн, “девитке” олтургузуп  районго чейин жөлөп барган адамдын бири экен!!! Мен ошолмун, мен ошенткем деп атса мен ичимен чимирик атып, дүйнөм дирилдеп, бу кан жолдон бу адамды көрбөй-билбей өтүп кайда шашып бараткам деп, менби адашкан адам же булбу деп, токтойлу деген агамды ойлоп, бир берки кишини, бир келаткан кесүүнү карап, эмне кылаарымды билбей, балалыктан берки табышмактын жандырмагын тапкансып, бул киши ошол күн, ОШОЛ КҮН, ошол күндүн күбөсү тура деп, мен ошол күндүн азабын канча тарттым, канча тартып келем деп, мен аны капыстан, болгондо да капыстан жолоочу адамдан таап, тийбей өтсөм не болмок деп, токтобосок кантмек деп, оо менин атакем, сени жоктон издеп, көктөн издеп, акыры жолдон жүрүп таап алгансып, кайдадыр жиндиге окшош үмүттөр келип, ушул кишиге сүйлөшсөм ушул киши башкача аракет кылып алып калчудай, сактап калчудай көрүп, жалдырап бир нерсе сурангым келип акыры эсими жыйнап суроо бере баштадым! “… аңгыча эле Кадырбек акени тиги неме экинчи жолу атты. Ошондо Кадырбек аке тигинин колунан мылтыгын жулуп алып цементке бир урду да жерге жыгылып калды. Канкор неме машинасын айдап алып качкан бойдон кетти. Биз чуркап барып колунан сүйөдүк. “Ошондо силерден жүз кадам жаныңарда медпункт турган экен, ал жерде айылдагы жалгыз догдур катары апам медик болуп иштөөчү экен. Эмне үчүн түз эле апама алып барган жоксуңар?!”. “Силер районду көздөй мына жылганыңарда апам дал алдыңардан чыкса да эмне үчүн токтоп койгон жоксуңар?”. “Жолдо баратып суусадым десе токтотуп алып булактан суу берипсиңер. Диртилдеп аккан канын фуфайка менен басып отуруп баргамбыз дейсиз, а суу берсе ого бетер кан кетерин билбейт белеңер…?”  “Эми балам, ал жерде мен кичинекей, эч нерсе чечпей турган киши болчумун…” Мына ушуга окшогон сөз болду айылдын этегинде. Кан өзүмдөн дирилдеп аккансып, качанкы бир тагдыр чеччү, өмүрдү чеччү ошол мүнөттөр кулагыма чыңырып, кесүү келаткан кечтин жели гана улам эсиме келтирип, сыртыман сыр бербей ичимен калтырап турдум ошол айылдын этегинде. Бирок бул кишини кантип күнөөлөйүн. “Эми балам…” деп аргасыз таягына жөлөнүп, карылыкта жабышкан дарттан күрс-күрс жөтөлгөн, атамдын эң акыркы дем алган жашоосуна күбө болгон адамга, кантип күнөө айтайын да кантип алкайын… Уйлар эбак айылга кирип, кеч бешим кан жолго жабылганда төрт киши менен коштошуп жолубузга түштүк. Бир туугандарыма да сыр бербей жол тиктегеним менен ушул айылдан кайрадан ок жеп жараландым. “Жолдо коргон көрүнсө тийип өткүн, Жолдо ыйлаган баланы сүйүп өткүн” деп Аккан досуна арман айткан баатырдай, алыс жолдо баратсаң жол боюнда жолоочу көрсөң эми да кыя өтпөгүн, алар минтип сен издеген чындыкты ичине каткан сырдуу да баалуу пенделер болуп жүрбөсүн…

Жеңишбек Эдигеев   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты