​БШК шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 5-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

Саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңештин 54 депутатын пропорционалдык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат. Мында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.

Жогорку Кеңештин 36 депутатын мажоритардык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.

Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин (СӨМ) 2021-жылдын 4-сентябрына карата маалыматтарына ылайык шайлоочулардын саны жалпысынан 3 686 921 адамды түзөт, КР ТИМдин чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар тууралуу КР ТИМдин маалыматтарын эсепке албагандагы сан – 3 617 141 адам.

Ар бир округ 100 миң 476 шайлоочу +/- 20% болжолдуу саны менен түзүлөт.

Округдардын саны

Округдардын санын облустар боюнча бөлүштүрүү схемасы төмөнкүдөй:

Облус

Шайлоочулар

Округдар

Бишкек шаары

428 599

4

Ош, Ош обл.

898 569

9

Баткен обл.

305 053

3

Жалал-Абад обл.

686 364

7

Талас облусу

163 109

2

Чүй обл.

609 774

6

Нарын обл.

209 101

2

Ысык-Көл обл.

316 572

3

Бардыгы:

3617141

36

Шайлоо округдарынын тизмелери, алардын чектери жана округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын даректери көрсөтүлүү менен, алардын графикалык сүрөттөлүшүн кошуп алганда, округдар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде б.а. 2021-жылдын 10-сентябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы маалымдады.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты