Жарака. Эмне үчүн Кыргызстанда балдар кооптуу шарттарда окушат?
- 3 года мурун
- Баяндар
.
Бул – Кыргызстандагы эң эски мектептердин бири. Анын биринчи корпусу алгач темир жол станциясы катары кызмат кылган. Өткөн кылымдын 50-жылдарында мектепке өткөрүлүп берилген. Андан бери көп деле нерсе өзгөргөн жок: мешке от жагылып жылытылат, даараткана сыртта, суу кудуктан алынат… Алиге чейин кире бериште станциянын каттамынын схемасы илинип турат. Имараттын өзү ушунчалык эскирип, авариялык абалга кириптер болгондуктан, «колдонууга жараксыз» экендигин моюндашкан.
Буга карабастан мектеп иштеп жатат.
«Эки жыл мурун пайдубалы урай баштаган. ӨКМ мектепти жабуу керек деген бүтүм чыгарган. Бирок ата-энелер аралашып – пайдубалга коюлган таштардын сыртына цемент куюшуп, бекемдешкен. Өздөрү да ушул убакка чейин кантип кулабай турганына таңданышты», — дейт директор.
Толук жагдайды түшүнүү үчүн, биз Кыргызстандагы мектептердин абалы жана ички түзүмү тууралуу жеткиликтүү маалыматтардын баарын талдап чыктык. Абал өтө коркунучтуу. Өлкөдөгү эки миң мектептин ичинен эки жүзү авариялык абалда, ал эми дагы төрт жүзү капиталдык оңдоп-түзөөлөргө муктаж, ал эми калгандарынын басымдуу бөлүгүндө суу түтүктөрү, борбордук жылытуу тутуму, дааратканалар жок.
“Көптөгөн мектептердин ички түзүмүнүн абалы окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратат, ага карабастан башка имараттардын жоктугуна байланыштуу аларда окуу улантылууда. Мисалы, 245 мектеп авариялык абалда деп эсептелет, аларды бузуп салып, жаңысын куруу керек. Мындан тышкары республиканын 457 мектебинин чатыры, пайдубалы, дубалдары, суу түтүктөрү, канализациялары капиталдык оңдоп-түзөтүүлөрдү талап кылат”.
А, булар өлкөдөгү бардык мектептердин үчтөн бирин түзөт! Бирок кырдаал мындан да жаман болушу мүмкүн. 2013-жылы эле Кыргызстандагы мектептердин жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин коопсуздугун жалпы улуттук баалоонун жүрүшүндө Кыргызстандагы 80%дан ашуун мектептин “ички түзүмү кооптуу” экендиги аныкталган.
Айылдык эски мектептин дубалдарындагы чоң-чоң жаракалар орто билим берүү системасынын бүтүндөй тулку-боюн аралап өтөт. Кыргызстанда миңдеген баланын кооптуу шарттарда окушуна эмне түрткү болгон? Бул абал өзгөрүүсү үчүн, эмне болушу керек?
АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТИН ПОРТРЕТИ
Авариялык тизмедеги мектептердин көбүн жергиликтүү тургундар «ашар» жолу менен салышкан. Ашар – ыктыярчы адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жана турак-жайды бүтүрүү салты, ишти чогуу соңуна чыгаруу аракети. Мектептердин жоктугун элдер ушундай жол менен чечип келишкен. Мамлекеттин кайдыгер мамилеси элдерди чечкиндүү кадамдарга барып, өздөрүн мектеп курууга мажбурлап жаткандыгын изилдөөчүлөр тастыкташат. Бирок, бул абалдан алып чыгуучу кадам эмес.
Ашар мектептери, эреже катары, тийиштүү долбоорго таянбастан, кесипкөйлөрсүз, куруу ченемдери сакталбастан салынат. Пайдубалдын ордуна таштар тизилип коюлат. Убакыттын өтүшү менен мындай пайдубал чөгүп, урай баштайт да, дубалдардан жарака кетет. Булардын бир нечеси кулап калган.
«Ал кезде ашар ыкмасы мода болчу, а анын кесепети өтө аянычтуу эле», — дейт Талас облусундагы авариялык мектептердин биринин директору Гульнара Сатымкулова.
«Мектеп 1978-жылы ашар ыкмасы менен курулуп, ылайыкташылган объект, ОШ-60 варианты боюнча салынган. Дубалдары жана тосмолору тактайдан, ал эми шыбы фанерадан жасалган, салаңдап турат, пол тактайдан салынган, пайдубалы таш бетондон курулган, жапыз, чөгө баштаган. Чатыры шиферден, суу тамат. Стропилолук устундар жараксыз абалда, класстык бөлмөлөр жетишсиз. Окутуучулар курамы үчүн кабинет жок. Ашкана жок. Китепкана жок. Жыйындар залы жок. Кошумча, көмөкчү жайлар жок».
Бирок авариялык абалдагы мектептердин тизмесинде типтүү мектептер да арбын. Мамлекеттин капиталдык оңдоп-түзөөлөргө да каражаты жок. Көптөгөн мектептерде ишке киргизилгенден бери капиталдык оңдоо иштери жасалган эмес. Ошондуктан мектептер 1960-1970-жылдары курулганына карабастан, бүгүнкү күндө бул имараттар толугу менен тозуп калган.
«Эскирген курулуш», «физикалык жана моралдык талап боюнча колдонууга жараксыз» деп жазылат кагаздарда. Табият кырсыктары – жер титирөө, жер көчкү жана селдер – мектептерди талкалайт, бирок авариялык абалга кириптер кылуучу негизги себеп – кадимки физикалык жактан жарактан чыгуу. 204түн ичинен 172син оңдоп-түзөөгө болбойт, ал жерде тезинен жаңыларын куруп баштоо зарыл.
«Биз кудай сактасын деп эле окуп жатабыз», – дешкен директорлор, – ата-энелер балдарын мектептерге жиберүүдөн коркушарын моюнга алышат. Тилекке каршы, көпчүлүгүнүн башкага мүмкүнчүлүктөрү жетпейт. «Мында башка жактарга кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктор окушат», мындай мектептерде күнүнө эң аз дегенде 70миңдей бала окуйт. Бирок муну менен эле бүтүп калбайт.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕКТЕПТЕР ОКУУГА ЖОЛТОО БОЛУП, ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН КЕЛТИРЕТ
Негизи мындай мектептер көбүрөөк болушу мүмкүн, анткени тийиштүү кызматтагылар мындай маалыматтарды бат-бат жаңырта беришпейт. Биз жеткиликтүү маалыматтардын баарын бирдиктүү базага топтоп, ар бир мектепти картага киргиздик. Бүгүнкү күнгө карата бул Кыргызстан мектептери боюнча салыштырмалуу толугураак маалымат, бирок тактоого, толуктоого муктаж. Биз кийинки изилдөөлөр жана комментарийлер үчүн бул маалыматтардын базасын жеткиликтүү кылуудабыз. Силер да өз мектебиңердин абалын изилдеп же интерактивдүү картанын жардамы менен таба аласыңар.

Бардык же дээрлик бардык мектептери кыйроо алдында турган шаар жана райондор да бар. Мисалы, Сүлүктүдөгү 9 мектептин баарысы капиталдык оңдоо иштерин талап кылат. Райондор арасында антирейтинг биринчилиги Чүй районуна таандык: анда 6 мектептин бешөөсү капиталдык оңдоп-түзөтүүгө муктаж, ал эми бирөөсү авариялык абалда турат. Интерактивдүү таблицанын жардамы менен, сиз өз район же шаарыңызды таап, андагы кырдаалды иликтеп көрсөңүз болот.
Кышында өтө кыйын. «Кышкысын бул класста сабак өтпөгөнгө аракет кылабыз – эгер ага от жаксак, түтөп, аба жетпей, дем кысылат. Мектептин баарын түтүн каптап, коридордон эч нерсе көрүнбөй калат. Же жылуу жерде, бирок дем жетпей отуруу, же кенен дем алып. бирок суукта отуруунун бирин тандап алышыбыз керек. Адатта экинчисин тандайбыз. Балдар да, биз да көп ооруйбуз», — дешет Ысык-Көл облусунун Ананьев айылынын Жусуп Абдрахманов атындагы мектептегилер.
Мунун баарынан билим берүүнүн сапаты аксаары түшүнүктүү нерсе. Оорудан улам балдар сабак калтырышат, сабак учурунда түтүнгө жана суукка даттанышат. Терезеден күн жакшы тийбегендиктен, балдардын көздөрү ооруйт. Антсе да дээрлик ар бир мектеп жык-жыйма, балдар үч сменага бөлүнүп окушат, бир партада үчтөн отурушат. Мектептердин ички түзүмү менен балдардын окуудагы жетишкендиктеринин байланышын изилдөөлөр да тастыктайт.
Бул көйгөйлөр Кыргызстандын дээрлик бардык мектептеринде бар. 2011-жылдагы маалыматтар боюнча, мектептердин 13%ына гана борбордук жылытуу тутуму киргизилген. Башкалары электр кубаты менен же от жагылып жылытылат, мектептердин 16%ында эч кандай жылытуу системасы жок. Мектептердин 86%ынан ашыгында өрт тууралуу белги берүүчү жабдыктар орнотулган эмес.
183 мектепте гана ички дааратканалар курулган, булардын көпчүлүгү борбордо жайгашкан. Мектептердин материалдык-техникалык абалы боюнча көптөгөн маалыматтар көптөн бери жаңыланган эмес, бул дагы аталган маселеге мамлекеттин кайдыгер мамилесин билдирет.
Үч жыл мурун билим берүү тармагындагы долбоорлор менен иш алып барган өкмөттүк эмес уюм – Булан институту Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөткөн. Анда мектептердеги көйгөйлөрдү тезинен чечүүгө чакырган, болбосо 10-15 жылдын ичинде мектептеги билим берүү тутуму кыйроого учурашы мүмкүн»,-деп жазылат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «окуу процесси үчүн адистештирилген заманбап, оңдоп-түзөлгөн имараттар» билим берүүнүн сапатына таасир тийгизет, бул билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын түздөн-түз милдети. Бирок, 2021-2040-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планында инфраструктураны жакшыртуу тууралуу жазылган эмес.
Эмне үчүн мындай болуп жатат?
Бирок, авариялык абалдагы мектептер мамлекет үчүн жаңылык деле эмес. Бул маселе өзгөчө район жана айылдарда талапкерлер шайлоочулар менен кездешкен ар бир жолугушууда көтөрүлөт, анда айыл өкмөт башчылары же мектеп директорлору авариялык кырдаал тууралуу чечимди көрсөтүп, жаңы мектеп куруп берүүлөрүн суранат. Алар кат түрүндө да кайрылышат. Ал эми Өкмөттүн мындай суроого даяр жообу бар: силер маанилүү, курч маселени козгоп жатасыңар, мүмкүнчүлүгүбүз болгондо сөзсүз карап көрөбүз.
«Авариялык абалдагы мектептер тууралуу маалымат мага келгенде, өзүм премьер-министрге барам, — дейт Жогорку Кеңештин депутаты, Коомдук маселелер, билим берүү, илим, маданият, саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Жанар Акаев. – Премьер «жакшы-жакшы, кана, катыңды калтырып кой, биз муну карап чыгабыз» дейт. Мен болсо «жок, кол коюп, катты шыр эле мага бериңиз» дейм. Анан премьер-министр кол коюп берет, андан чыгып алып, каржы министрине барам. Ал дагы «жакшы, макул, карап көрөбүз» дейт. Мен «жок, өзүм эле аткаруучу адамга жеткирип берейин» дейм. Аткаруучу адам болсо, бөлүм башчы же серепчи болуп чыгат. Мен ага жөнөйм. Ал жактан мага «депутаттар бизге келишпейт, кана, эми катыңды бер» дешет. Эгер ушинтип иштесең, акча табылышы мүмкүн. Бирок көптөгөн депутаттар же мектеп директорлору жөн эле кат жазып коюшат, ал каттар каралбай жата бериши мүмкүн».
«Биздин айылда жогорку кызматтагы чиновник жок. Кайсы жактан депутаттар чыкса, ошол жакка жаңы мектептер курулат, а бизде андайлар жок, ошондуктан жаңысы да курулбайт.», — дейт капалуу Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айылындагы авариялык абалдагы Арал мектебинин директору Акбарали Ажимаматов.
Тилекке каршы, ал туура айтат. «Көп депутаттар чыккан айрым айылдар талап кылышат. Аларга куруп беришет! Мисалга, бир дагы депутаты жок Чүй облусунун райондоруна өкмөт жакшы көңүл бурбайт», — деп Жанар Акаев директордун сөзүнүн чындыгын тастыктайт. Анын туулуп-өскөн айылына мектеп курулган. Көрсө, башка айылдарга минтип ийгилик жылмайбаптыр.
2015-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы Каныбек Абдылдаев атындагы №60 мектепке жаңы имарат куруп берүүнү убадалашкан. Акча бөлүнгөн, котлован казылган, пайдубалы курулган. Анан акча түгөнүп калган.

Биздин депутаттар айылдарына мектеп куруп берүүсүн суранышып, араб фондуларында кезекте турушат, — дейт Жанар Акаев. Жээнбеков президент болуп турган кезде, мен ага кирип, Алай районуна мектеп куруу керектигин айтып, муну планга киргизели дегем. Ал бюджеттен акча бөлүнөрүн убада кыла албасын, бирок арабдар менен сүйлөшүп көрөрүн айткан. Б.а., бизде өлкөбүздүн президенти да мектептерди куруп бергиле деп чет элдик фондуларды күтүп калган.
Кээ бир директорлор мамлекеттен жардам күтпөй эле, өздөрү эл аралык долбоорлорго кат жазышып, алар менен иштешүүнү үйрөнүп алышкан. Бирок бул эреженин алкагындагы иш эмес».
ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИНЕ 30 МИҢ СОМ
Мындай абал өлкөнүн бардык жеринде бар. 2011-жылы Кыргызстандын аймактары боюнча билим берүү тармагына бөлүнгөн капиталдык каражат керектүү сумманын 1 пайызын түзгөн. Андан бери эч нерсе өзгөргөн жок. Бүгүнкү күндө директорлор жана мугалимдер мектептердин урап бара жаткан дубалдарын өз колдору менен шыбап оңдоп келишет. Тилекке каршы, кээ бир жаракаларды шыбак менен жаап коюуга мүмкүн эмес.

«Баары кулап-түшкөндө гана бул маселе ордунан козголобу?», — дешет авариялык мектептин директорлору.
«Өкмөт акча бөлүп, жаңы мектептерди куруп башташы үчүн, сөзсүз эле үрөй учурган кырсык болушу керекпи?! Андан кудай сактасын. Ошондо катуу ызы-чуу болот», — деп директорлордун оюна кошулат Жанар Акаев.
Көптөгөн директорлор күтүүдөн жадаганда бийликке барышат. Гульнара Сатымкулова жергиликтүү кеңештин бир нече жылдан берки депутаты. Ал бюджетти талкуулап жатканда, башкалардан ашып кыйкырганды үйрөнүп алган:
«Мындай маселелер ал жакта чечилет. Аларга спорттук иш-чаралар, улак тартыштар, кайсы-бир мааракелер керек. Мен эч нерсени билбейм, кана, биздин балдарга да бөлгүлө, эмне үчүн алар полдору чирип калган сыз жерлерде окушу керек? Эртең оорулуу муун келет, улак тартышты эмне кыласыңар? Келгиле, келечек муунду ойлонолу», — деп айтам.