Төрөтканаларда паракорчулук орун алган  дейбиз, бирок жарандар арыз менен кайрылышпайт

Төрөтканаларда паракорчулук орун алган  дейбиз, бирок жарандар арыз менен кайрылышпайт

 

Кыргызстандагы аялдар мыйзамга  ылайык ооруканаларда акы бербестен көз жаруу укугуна ээ. Анда ар бир аялга мамлекеттик төрөт үйлөрүндө акысыз төрөп, доктурлардын көзөмөлүндө болуу укугу  берилген.  Бирок  көпчүлүк жарандардын айтымында,  бул кагаз бетинде гана калып, төрөт үйлөрүндөгү паракорчулук күндөн-күнгө көбөйүүдө.

Төрөткананын дубалындагы  “Төрөт акысыз” деген жазууну көрүп бир карап ачууң келсе, бир жагынан күлкүң келет.  25 жаштагы  Айзат Асанакунованын көз жарганына аз гана убакыт болуптур.

“Төрөгөнүмө бир айдын жүзү болду. Каттоого  тургандан баштап акча бере баштадык.  Алмаштыруу картасын  200 сомго сатып алдык. Мындан сырткары ар бир түшкөн УЗИге да 500 сомдон берип турдук. Толгоом башталып төрөтканага баш бакканда эле төрөткананын фондуна деп, төрөгөндө сүйүнчүсүнө деп жолдошум доктурлардын чөнтөгүнө 1000 сом салды. Ал акчаны бербесең да доктурлар сага ар кандай мамиле кылат экен. Кагып-силкүүдөн чочулап, акча берип кутулалы дедик.”

Асанакунованын айтымында,  төрөтканадан чыгып жатканда да акча берүүгө туура келген. “Мени ыраазы кылгыла” деп бизди караган доктур, педиатр, акушер  ачык эле айтышты. Аты-жыты билинбеген эле фондго  акча төлөдүк. Айтор, фонд деген шылтоо менен акча бермей бар экен. Өзүбүз жолдошум менен Бишкекте батирлеп жашап жүргөндө төрөтканадагы паракорчулуктан кыйналдык. Ошентсе да биз кичине арзаныраак бүтүрүптүрбүз деп калдым. Себеби аяштарым алды 10 миң сом, арты 18 миң сом берип төрөштү. Жеке төрөткана болсо да бир жөн, мамлекеттик төрөт үйүндө ушунча акча кеткенин көрүп  паракорчулуктан биз сыңары жабыркагандарга боорум ачыйт”, — дейт Айзат Асанакунова.

2017-жылдын 1­-январынан баштап Россияда мыйзам чегинде иштеп жүргөн Кыргызстандын, Армениянын, Белоруссиянын жана Казакстандын жарандары акысыз милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) алууга, аны менен катар акысыз көз жарууга укук алышкан. Тун уулун 2015-жылы  Екатеринбург шаарында бир тыйын бербей төрөгөң Сайкал Ташболот кызы экинчи баласын Бишкек шаарындагы 4-төрөт үйүндө  төрөгөндө айласыз акча бергенге туура келгенин баса белгилеп өттү.

“ Экинчи уулумду Бишкектеги №4 төрөтканадан төрөдүм.  Бул жактан чынында акча бердим. Ал эми тун уулумду Екатеринбург шаарынан төрөгөм. Ал жактан жолдошумдун да, өзүмдүн да жарандыгым жок эле, эч бир тыйын коротпой баламды жарык дүйнөгө алып келгем. Россиядагы төрөтканалардагы шарттар абдан жакшы. Доктурлар да акча үмүтөтпөй эле өз иштерин так аткарып келишет. Бул жактан төрөп, абдан ыңгайсыз абалда болдум. Акча бербесең карашпайт дегенди төрөөрдөн мурун эле угуп, доктурларга акча бергенбиз. Палатада жатып акча бербей же аз берип койгондорго доктурлардын кылган мамилелерин көрүп жаттым. Акча алганынын себеби алган айлыгынын аздыгына  барып такалат окшойт. Айлык маянасын көтөрсө балким мындай нерсе жоголот беле деген да ой келет”, — деди Сайкал Ташболот кызы.

Акыйкатчы институту 2016-жылы жүргүзгөн мониторингден соң, төрөтканаларда  акча алынары белгилүү болгон.  Аталган  институттун Балдарды, аялдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматованын айтымында, кош бойлуу аялдар төрөт үйүнө түшкөндөн баштап  алардан  түрдүү жолдор менен акча  алынат.

Мыйзамдарыбызга таяна турган болсок, ар бир аял акысыз көз жарууга укуктуу. Бирок биз мониторинг жүргүзгөндөн кийин  практика жүзүндө таптакыр башкача  экени далилденип отурат.  Мониторинг учурунда көпчүлүк аялдар менен сүйлөшкөндө ар кандай көйгөй бар экени белгилүү болгон. Ал көйгөйлөрдүн бири ар кандай анализдерди кымбат, жеке лабораторияларда тапшырууга туура келет. Ал анализдер кеминде 2000-3000 сом турат. Бул акча үй-бүлөлүк бюджетке бир топ эле кыйынчылык жаратат. Мындан сырткары ошол эле кош бойлуу аялдар төрөөрдөн мурда төрөтканадагы стажы көп доктурлар менен алдын-ала сүйлөшүп, алардын сураган акчасын беришерин да көп айтышты. Ошондой эле төрөткананын фондуна деп 100-400 сомго чейин акча алынаары, ал акчаны салфеткага, самынга кетиребиз деген жүйөө менен сурашат экен. Бирок аялдардын айтышынча, алар өзүлөрү эле керектүү нерселерин алып барышат. Ошентип, ал фондго деген акча каякка кетип жатканы белгисиз болууда.

Турдумаматованын берген маалыматына ылайык, мыйзам боюнча төрөткө келген аял өзү каалаган доктурун тандай алат.

“Ал эми төрөт үйлөрү мындай нерсени көтөрө албайбыз дешет. Себеби ал доктурду чакырып, ага өзүнчө акча төлөөгө чамабыз жок, төрөгөн аял өз каалосуна өзү төлөсүн деген жоопту беришти. Бирок бул биздин мыйзамдарга каршы келет. Анткени мындай боло турган болсо  мамлекетке салык төлөнүшү зарыл. А бизде эч кандай салык төлөнбөйт”, — деп билдирди Махабат Турдумаматова.

Турдумаматова бул көйгөйдү  Саламаттыкты сактоо министрлиги эле чече албастыгын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары да көмөк көрсөтүп көйгөйдү чечиши керек экендигин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, бул көйгөйдүн өзөгү элдин кайдыгерлигинде болууда. “Учурдагы төрөтканалардын абалы оор. Анткени СССРден калган система менен, ошол эле эски имараттар, эски жабдуулар менен келе жатат. Тилекке каршы, аларды кайра-кайра  оңдоо абдан кыйынчылыктарды жаратат. Ошентсе да акыркы 10 жыл ичинде өлкөбүздө энелердин, ымыркайлардын өлүмү бир топ азайды”, — дейт министр Талантбек Батыралиев.

Ошентсе да министрдин айтымында, төрөтканада чынында паракорчулук бар, коомдогу бул терс көрүнүш орун алууда. Эгерде төрөтканага келгенде акча сурап же мыйзамсыз төлөмдөрдү төлөөгө мажбурласа  министрликке whatsapp аркылуу кайрылышса, тезинен чара көрүп жардам берилет. Анткен менен көпчүлүк жарандар  аларга  кайрылышпайт. Жада калса арыз жазып бергенден качышат. Мыйзамсыз акча алгандар сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек.

Ошондой эле  төрөтканада мыйзамсыз төлөмдөргө зордогон учурга кабыл болгон жарандар 0555596000 номерине чалып же whatsapp кызматы аркылуу кайрылса боло тургандыгын  министр баса белгилеп өттү.

“Көрүндүк акча”, “Сүйүнчүсун берүү” , “доктурларды ыраазы кылуу”  айтор, төрөтканада акча берүү өнөкөтү тууралуу шаарыбыздын жөнөкөй жарандарынан пикир алып көрдүк.

Турсун, пенсионер: “Илгери мындай нерсе жок болчу. Акыркы жылдары бул көрүнүш абдан көбөйдү. Ар бир ата-эне кызын же келинин жакшы доктурга тапшырып аман-эсен төрөсүн деп акча беришет. Бул нерсе азыр  мыйзам ченемдүү  көрүнүш болуп калды. Ар бир доктурдун өзүнүн “ставкасы” бар. Ошого жараша биз деле акча бергенбиз. Бул көйгөйдү чечүү абдан оор. Себеби, доктурлар бул көрүнүшкө көнүп калышкан. Баары бир  акча ала беришет.”

Исмаил,  куруучу: “Адам баласы балалуу болгондо сүйүнөт да. Колдо болгондон кийин ырымдап берип койсо болот. Мен аны пара деп эсептебейм.”

Гүлзат, тигүүчү: “Кээ бир жерде талап кылбаса деле адамдар өздөрү эле жакшы карасын деп берип жүрүшөт. Бул кыргызчылык кылып берип жүрүп көнүп калганбыз. Айрымдары чындап эле өз көңүлү менен берет. Бир чети паракорчулук, бир чети паракорчулук эмес.”

Эмил, жеке ишкер: “ Төрөтканадагы паракорчулукка каршымын. Өзүм биринчи балам төрөлгөндө 4000 сом, экинчисинде 5000 сом бергем. Азыр 10000 сомго чыкты деп угуп калам. Буюрса, жакында үчүнчү балам төрөлөт, ага да акча бергенге туура келет да эми. Мамлекет айлык төлөп атүгүл айлыктарын көбөйтүп жатса акча алгандары туура эмес. Бекер болуш керек.”

Учурда Кыргызстандын  калкынын саны 6 млндон ашык. Жылына өлкөбүздө 150 миңдей ымыркай жарык дүйнөгө келет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин бизге берген маалыматы боюнча, 2016-жылы 158 миңден ашык  ымыркай төрөлгөн.  Облустар боюнча карай турган болсок Жалал-Абадда балдардын төрөлүшү  башка облустарга салыштырмалуу көбүрөөк.

Айдана Төлөнова

                                                                            

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты