Муратбек Мукашев. Москва, Стромынка, 32
- 3 года мурун
- Баяндар
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экономист Муратбек Мукашев калем кармап, аңгеме, баян, эскерүүлөрдү да келиштирип жазат. Төмөндө биз анын студенттик турмушту баяндаган “Москва. Стромынка, 32” аттуу эскерүүсүн сунуштамакчыбыз.
1967-жылы Москвадагы Г. В. Плеханов атындагы эл чарба институтунун студенти болуп окуп калдым.Мага «Сокольники» метросунун жанындагы Стромынка №32де жайгашкан студгородоктон орун беришти.Жатакана деген сөзмага өтө жылуу учурайт, анткени ал студентттин тагдырында чоң роль ойнойт десем жаңылышпайм.
“Общежитие” деген сөздү кыргызча “жатакана” деп жүрүшөт, бул өгөй которулган, “туурасы чогуу жашоо” болотго дейм. Студгородокто 13 ЖОЖдун үч миң, 200 студенти ошол кезде жашачу.
Өзүм Фрунзе шаарында 6 жыл барак типтеги квартирада (12 чарчы метр) атамдын карындашы менен жашагандан кийин жатаканага турганга тез эле көнүп кеттим. Жатакана өзүнчө мамлекет, адамдын өмүрүндө чоң орун алат, тарбия берет, чогуу жашап, акыл үйрөтөт. Студгородокто Африка, Азия, Европа, Латын Америка, Түштүк Америкадан келген студенттер бар болчу.
Мени таң калдырган; Вьетнам, Эквадор, Куба, Кения, Сомали, Египет, Тунис, Алжир, Польша, Румыния, Болгария, Доминикан, Монголия, Ангола, Мозамбик, Маврикий, Уганда, Коста-Рика жана дагы башкамамлекетерден келген улан-кыздар турчу эле. А СССРдин бардык улутунун өкүлдөрү жашачу.
Студгородок илгерки ак падыша убагында, Преображенский полкунун казармасы болгон экен, азыр деле Преображенская атындагы метро жана аянт бар.
Биздин студгородокто жакшы тартип, бири-бирин сыйлоо, өзүнчө эл аралык деңгээлде аура бар эле. Дүйнөдө болгон ар бир расадан, ар башка динди туткан адамдар жашачу.
Беш жыл турдум, бирок бир да чатак, чыр көргөн жокмун.
Ойлоп көрсөңүз, ошончо студентке тамак берүүчү жай—бир эле ашкана, анын ичинде үч буфет бар болчу. Ашкана эртең мененки саат 6. 30 да кечки саат 7. 30 га чейин иштечү, буфеттер болсо 18. 30 дан 22. 30 га чейин тейлечү.
Кезек күтүү деген болчу эмес, болсо 10-15 мүнөт. Бири-бирин жөөлөмөй деген жок, мага ала кел деген сөз аз, баары бири-бирине маданияттуу мамиле кылышчу. Ошол жерде кайсы өлкөдөн, улуттан болбосун,“пожалуйста, спасибо” деген сөз көп угулчу. Ошончо студенттин арасында эл аралык тил орус тил болчу.
Дагы бир көрүнүш алтынчы, дем алыш күнү, мончо иштечү. Тимофеевичдеп койчубуз, согуштун ардагери тейлечү. Кезек күтүү жок эле, түртүшпөй, талашпай эле сууга түшүп алчубуз.
Ар бир кабатта(4 кабат) окуу залы бар эле, 150 орундук кинотеатр, ар бир кабатта (красный уголок) деп койчубуз, телевизор күн-түн иштеп тураар эле.
Он күндүн ичинде шейшептер алмаштырылып турчу, анда да тартип, кезек күтүү деген жокко эсе.
Азыр ушуларды эстеп, таң кала берем, кандай тартип, маданият болгон, улутуна, динине карабай, ушунун баары мага чоң таасирин тийгизип, турмушума чоң тарбия берди.
Жаныбызда “Сокольники” паркы, “Орион” кинотеатры, Локомотивдин футбол стадиону, чоң мончо, баары ойлогондой жайлашкан. Транспортубуз: метро, трамвай, автобус, троллейбустар эле. Метро – 5 тыйын. Автобус -5 тыйын, троллейбус-4, трамвай -3 тыйын. Эми ойлосом,коммунзм ошондо болуп өтүп кеткендей сезилет. Көп студенттер анын ичинде, мен, иштейт элем, кимиси кароолчу, кимиси гезит ташып. Стипендия — 30 сом.50-60 сом кенен жетчү: жашоого, кинотеатрга, спорт, көргөзмө, жакшы китеп алганга бири-бирибиз менен сүйлөшүү, пикир алышуу өзүнчө эле чоң мектеп болчу.
2 жыл бразилиялык Амилдас Дигс менен жашадым. Алардын кофесин, фаскизда деген тамагын бүгүн да сагынам.
Ушуларды эстегенде, карылыкты сезбей, кайра жашарып бараткандаймын.
Силерге кандай экенин билбейм,мага өмүрдө эң чоң тарбия бергендер: атам, апам, Стромынка 32, Советтик Армия,Алиаскар Токтоналиев болду.
Дагы бир нерсени эскерип кетейин. 1968-жылы биздин студгородокто кыргыз студенттер менен жолукканга, ошондогу элге билим берүү министри Абдылда Каниметов келди. Жакшы адам экен, көрсө Абдылда агай 1950-1955-жылдары (мен 1950-жылкымын) МГУда окуп, 5 жыл Стромынка, 32 де жашаптыр. Өзү жашаган бөлмөсүн көрүп, ушуга толкундады.
Абдылда Каниметович, ушул студгородокто ар кайсы мезгилде Исхак Раззаков, Сопубек Бегалиев, Сакен Кыдыралиева, Анара Адылова жана башка Кыргыз мамлекетинин көрүнүктүү адамдары жашаган деп айтып берди.
Кийин А. Адылова эже эстеп, мага мындай деди: “МГУда юрфакта окуп, ушул студгородокто чогуу Михаил, Раиса Горбачевалар, А. Лукьянов, С. Кыдыралиева болуп чогуу турдук. Михаил жана Раисанын экөөнүн үйлөнүү тоюн ушул жатаканадан өткөргөнбүз.
Ушуларды жазып, өзүмдү көтөрөйүн же көрсөтөйүн деген оюм такыр жок. Ой башкада: силер кыскача жазганды окуп, студенттик күндөрүңөрдү, жашаган жатаканаларды эстеп кубансаңар экендеген ойдо, максатта, ошолор силерге күч-кубат берсин деп колума калем кармадым.
Муратбек Мукашев. 15. 11. 16.
Сүрөт: Интернет булактарынан.