Москвадан 5-кабаттан кулаган кызга жардам берилди  

 

Москвадан 5-кабаттан кулаган кызга жардам берилди   

Москвада 5-кабаттан кулап кеткен кыргызстандык Жаркынай Юсупованын дарылануусуна Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын РФдагы өкүлчүлүгү, кыргыз диаспорасы жана биздин жарандар тарабынан 160 миң рубль өлчөмүндөгү жардам берилди.

Учурда Ж. Юсупова Москвадагы №15 ооруканада операцияга даярдалууда.

Ал Майлуу-Cуу шаарынан болот, 5-класста окуган кызы бар. Москвада он жылдан бери иштейт.

Бул тууралуу КР Миграция кызматынын басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Кубан Бектемиров билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты