ДССУ коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алууну сунуштай элек (Фактчекинг)

30-июль күнү, “azattyk.org” маалымат агенттигинде, “Израилде коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштады”, — деген маалымат жарыяланган.

Билдирүүдө, кошумча эмдөө 60 жаштан жогору болгон жарандарды Covid-19дун жаңы “Дельта” штаммынан коргоо үчүн жүргүзүлүп жатканы айтылган.

ПолитКлиника медиасы коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы тууралуу изилдеп көрдү.

Коронавируска каршы өндүрүлүп чыккан вакциналар менен эмдөө эки этапта гана жүргүзүлөт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, эки дозанын ортосундагы аралык 21-28 күн болушу керек.

Израиль вакцинанын үчүнчү дозасын алган биринчи өлкө


Июль айынан баштап, Израилде коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасы менен эмдөөнүн үчүнчү этабы башталды. Вакцинасынын үчүнчү дозасы бери дегенде беш ай мурда эмделген 60 жаштан жогоруларга сайыла баштаган. Ага, дүйнөдө тездик менен жайылып жаткан коронавирустун Индиялык “Дельта” штаммы себеп болгон. Израилдин Саламаттыкты Сактоо министри Ницан Хоровиц Pfizer/BioNTech вакцинасы “Дельта” штаммына каршы 64% гана коргоону камсыз кылаарын, ошондуктан эмдөөнүн үчүнчү дозасын алуу керектигин билдирген.

Белгилей кетсек, коронавирустун “Дельта” штаммы март айында Индияда чыгып, бул убакка чейин чыккан штаммдардан жугуштуулугу менен айырмаланган. Азыркы учурда “Дельта” жана мутацияланган “Дельта+” штаммдары дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүнөн табылып, 200 миңден ашуун адамга жуккан.


Вакцинанын үчүнчү дозасы, жаңы штаммды жеңе алаары далилдене элек


Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнө жайылгандан баштап, бир топ изилдөөлөрдө улгайган адамдардын Covid-19 менен ооруп калуусу кооптуу экени далилденген. Ошондуктан, вакцинациялоо учурунда да 50 жаштан жогорку адамдар приоритеттүү түрдө эмдөөдөн биринчи өткөрүлөт.

Бирок учурда, эмдөөдөн өткөндөн кийин антителолор канча убакытка сакталаары жана кийин кайрадан вакцина алуу муктаждыгы боло тургандыгы тууралуу, так изилдөөлөр жарыялана элек.

Ал эми, Pfizer/BioNTech вакцинасынын “Дельта” штаммына каршы эффективдүүлүгү да бир топ талаш жараткан.

Алсак, Израилде “Pfizer/Moderna” вакцинасы жугуштуу “Дельта” штаммынан 64% гана коргой алат деген жыйынтык чыгарылган. Бирок изилдөө, официалдуу түрдө эл аралык медициналык журналдарда жарыяланган эмес.

Улуу Британиялык окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөдө “Pfizer/Moderna” вакцинасы “Дельта” штаммына каршы 88%га эффективдүү экенин жана Covid-19дун оор симптомдоруна каршы 93%дык коргоону камсыз кылаары белгиленген. Изилдөөгө, 1000ден ашуун адам катышкан. Ушундай эле дагы бир изилдөө, “Nature” журналына жарыяланып, вакциналардын 2 дозасы жаңы штаммдарга каршы эффективдүү коргонууну камсыз кылат деген бүтүм чыгарылган.

Башкача айтканда, эки өлкөдө жарыяланган изилдөөлөр бири бири менен айырмаланат. Ошол эле учурда, үчүнчү жолу вакцина алуунун маанилүүлүгү да талаш жараткан. Себеби, Улуу Британияда жүргүзүлгөн изилдөөдө вакцинанын 2 дозасы “Дельта” штаммына каршы эффективдүү коргоону камсыз кылаары далилденген.

ДССУ: “ Үчүнчү жолу вакцина алуу коркунучтуу тенденция”


13-июль күнү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы Адиси Сумия Свиминатан брифингде адамдарга ар кандай өндүрүүчүлөрдүн COVID-19 вакциналарын аралаштыруудан жана эки дозадан ашык вакцина алуудан алыс болууга кеңеш берген.

«Бул коркунучтуу тенденция. «Жарандар экинчи, үчүнчү жана төртүнчү дозаны качан жана ким кабыл алаарын чече башташса, өлкөлөрдө башаламандык болот.»,- деп билдирген.

Сваминатан ревакцинация тууралуу тиешелүү изилдөөлөр жок экенине да токтолгон.

Жыйынтык: Коронавирустун “Дельта” штаммына каршы, үчүнчү жолу эмдөөнүн натыйжалуулугу изилдене элек. Мындан сырткары, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да эки этаптуу эмдөөнүн ишенимдүү коргоону камсыз кылаарын белгилеп, үчүнчү жолу эмдөө алууну сунуштай элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты