Айтматовду окуйбуз!

Айтматовду окуйбуз!КР Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 15-январдан баштап залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 90 жылдыгына карата “Дүйнө Айтматовду окуйт” аттуу акция жарыялады.

Акцияга катышуу үчүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп, видеого жаздырып, #Aitmatov#educationkg  аттуу хештэги менен белгилеп, социалдык түйүндөргө жүктөө керек (Видео 2 мүнөттөн ашпасын).  Видеого жаздыруунун алдында чыгарманы окуй турган адам аты-жөнүн, кайсы өлкөдөн, кайсы окуу жайдан окуурун айтышы шарт.

Онлайн-флешмобго студенттер менен мектеп окуучулары чакырылат. Кыргызстанда окуган чет өлкөлүк студенттер да катыша алышат.

Чет өлкөлөрдө окуган кыргызстандыктар ошол өлкөнүн тилинде чыккан чыгармалардан окушу шарт. Онлайн-флешмобго бардык каалоочулар катыша алышат.

Бул тууралуу КР Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 15-январда билдирүү таратты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты