Ысык-Көлдө эс алам десеңиз бир айлыгыңыз канча күнгө жетет? Калькулятордон эсептеп көрүңүз
- 4 года мурун
- Дата, Мультимедиа
.
Баары сиздин каалооңузга байланыштуу: башкы жолдун жанындагы жөнөкөй бөлмөлөрдү тандайсызбы же кайтарылган аймактагы бардык шарты бар коттедждиби? Биз жасаган калькулятор аркылуу эс алууңузду эсептеп көрүңүз.
Калькулятор жөнөкөй эле формула менен иштейт: Эс алган күн = айлык акы — 2 кишилик жата турган жердин баасы — 2 кишинин барып келүүсү — тамак-аш жана көңүл ачууга кеткен каражат.
2 кишилик жата турган жай — баалар «Лалафо» жана «101 отель» сайттарынан алынды.
2 кишинин барып келүүсү — Кыргызстандын региондору арасында жүргүнчүлөрдү ташыган жеке таксинин баалары.
Тамак-аш жана көңүл ачууга кеткен каражат — бул жакка 0 дөн жогору каалаган сумманы жазсаңыз болот.
Авторлор: Эркеайым Темирболотова, Алтынай Нурланова, Чолпонбек Сабырбеков
Дата-редактор: Чолпон Узакбаева
Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.