​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

Бүгүн 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы, 11-апрелде өткөрүлгөн шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен өткөнүн аныктап, үч шаардык кеңештеги шайлоонун жыйынтыктарын толугу менен жокко чыгарган.

ПолитКлиника медиасы жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо процессин сүрөттөр менен баяндайт.

Добуш берүү Бишкек шаары боюнча 243 АШКда жүгүзүлүп жатат.

​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

Ар бир шайлоо участогунун кире беришинде дезинфекциялоочу каражаттар жана бекер бет каптар коюлган.

​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

Бишкек шаары боюнча 426 миңден ашуун жарандын добуш берүүгө укугу бар.

​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына жалпы 18 партия ат салышып жатат.

​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

Шайлоочуларга блютендерди тартууга тыюу салынып, атайын комиссия тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

Көз карандысыз байкоочулар, шайлоонун мыйзамдуу өтүшүнө көз салып турушат.

​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

Саат 14:00гө карата Бишкек шаары боюнча шайлоого катышкан жарандардын саны 55 миңден ашты. Бул шайлоочулардын 13%ы шайлоого катышканын билдирет.

​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

​Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 48,3 миллион сом акча коротулган.

Сүрөттөр:Гулиза Урустамбек кыз

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты