Бийликти эңсеген эскилер. Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттардын 53%ы кайра шайлоого катышып жатат

.

БАЯНДАР
Бийликти эңсеген эскилер. Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттардын 53%ы кайра шайлоого катышып жатат

11-июль күнү, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоо болуп өтөт. Буга чейин, Борбордук шайлоо комиссиясы 11-апрелде өткөрүлгөн шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен өткөнүн аныктап, үч шаардык кеңештеги шайлоонун жыйынтыктарын толугу менен жокко чыгарган.

Азыркы учурда, Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына жалпы тогуз партия, Токмок шаардык кеңешине алты партия, ал эми Бишкек шаардык кеңешине 18 партия катышып жатат.

ПолитКлиника медиасы, азыркы учурда Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп тургандардын канча пайызы, кайра шайлоого катышып жатканын анализдеп көрдү.

2016-жылы 11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өткөн. Аталган шайлоого жалпысынан 14 партия катышып, беш партиянын талапкерлери мандат алышкан. Азыркы учурда Бишкек шаардык кеңешинде СДПК, «Республика Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» фракцияларынан жалпы 45 депутат бар.

Алардын арасынан 24 депутат Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышып жатат. Бул, азыркы депутаттардын 53%ы депутаттыка ат салышып жатат дегенди билдирет.

СДПКдан жетинчи жолу депутаттыка аттангандар бар

Фракция боюнча алып караганда, СДПКдан кайра шайлоого алты талапкер катышып жатат.
Алардын арасынан, Уланов Алмазбек Уланович «Ата-Журт Кыргызстан»саясий партиясына кошулуп 16-тизмеде жер алган.

Ал эми, Имангазиева Адиса Асановна жана Лисниченко Валентина Михайловна «Ишеним» партиясына кошулушкан. Белгилей кетсек, Лисниченко Валентина Михайловна Бишкек шаардык кеңешине СДПК партиясы менен дээрлик алты жолу депутат болгон.

Мурда СДПКнын курамы менен шаардык кеңешке депутат болгон Абиров Жаныбек Болотбекович жана Салымбеков Жумабек Мамытбаевич «Эмгек» саясий партиясына кирген. Ал эми, Кадыров Сабиржан Бахтиярович мурдагы шайлоодо фейктердин колдоосуна татыган «Ынтымак» саясий партиясына кошулган.

Белгилей кетсек, СДПК фракциясы 2016-жылдагы шайлоодон эң көп 25,81%дык добушка ээ болуп жалпы 13 мандат алган.

«Республика Ата-Журт» фракциясынан «Эмгек» жана «Ынтымак» партияларына кошулгандар көп

Учурда Бишкек шаардык кеңешинде «Республика Ата-Журт» партиясынан 12 депутат бар. 11-июлдагы кайра шайлоого бул партиядан алты депутат катышып жатат.

Алардын арасынан үч депутат, Абдиев Бактыбек Кемелович, Досалиев Эльмир Акуналыевич жана Жакышов Русланбек Шергазиевич «Эмгек» партиясына кошулуп, партиянын алдынкы ондугуна киришкен.

Фракциядагы эки депутат Калыков Мийзамидин Абдырахманович жана Эргешов Казыбек Кочкорович «Ынтымак» партиясына кирсе, Бактыбеков Алымбек Бактыбекович «Ата-Журт кыргызстан» партиясына кошулган.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан кайра шайлоого катышпаган бир гана депутат калган

Бишкек шаардык кеңешинде «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан жалпы сегиз депутат болсо, алардын жетиси кайра шайлоого катышып жатат. Алар, «Ынтымак», «Эмгек», «Ишеним» жана «Ата-Журт Кыргызстан» партияларына кошулушкан.

Алсак, Аматов Рысбай Аматович, Жамгырчиев Талантбек Анарбекович Исмаилов Сайдахмат Аблезович «Ишеним» партиясына кошулса, Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна жана Сариев Таалайбек Жолдошбаевич «Ынтымак» партиясына кошулган.

Ал эми, Досиев Эдик Шарипович «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясына жана Жумалиев Чынгыз Зайнидинович «Эмгек» партиясынын курамына киришкен.

Эң кызыгы, шайлоого катышып жаткан «Өнүгүү-Прогресс» партиясына эч ким кошулган эмес.

«Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» фракциялары

11-июлда боло турган жергиликтүү кеңештин депутаттыгына «Мекеним Кыргызстан» фракциясынан үч талапкер катышып жатат. Алардын арасынан, Алымов Жанарбек Жапарович жана Шайдуллаев Бакыт Абдуманапович «Биздин Кыргызстан» партиясына кирсе, Абдраев Базарбек Кошоевич «Күч биримдикте» партиясынын курамына кирген.

Ал эми, БШКдагы эң аз мандатка ээ болгон «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич жана Сурапбаев Таалайбек Каримжанович бийликчил деп эсептелген «Ата-журт Кыргызстан» партиясына кошулушкан.

Жалпы жонунан БШКдагы шайлоого катышууну каалаган депутаттардын 25%ы «Эмгек» партиясына, 21% «Ата-Журт Кыргызстан», 21%ы Ишеним» жана 21%ы «Ынтымак партиясына кошулган.

Ал эми, депутаттардын 8%ы «Биздин Кыргызстан» партиясына кошулса, 4%ы «Күч Биримдикте» партиясынын курамына киришкен.

Ошондой эле, беш партиянын курамы менен кайра шайлоого аттанган депутаттардын 18 и партиялардагы алдынкы 15тигине кирет. Башкача айтканда, эгерде жогорудагы 5 партия Бишкек шаардык кеңешине өтүп кала турган болсо, кайра эле азыркы депутаттардын бийликке келишине шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, шаардык кеңештин депуттары 4 жылдык мөөнөткө шайланат.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы



















Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты