Бегимай Карабаева, ырчы: “Ажырашканыбызга экөөбүз гана себепчи болгонбуз»

Бегимай Карабаева, ырчы: “Ажырашканыбызга экөөбүз гана себепчи болгонбуз"—Бегимай, балалыгыңыз тууралуу айтып бериңизчи? Балалыгыңыз кантип, кайда өткөн?

—Өрүкзарлуу Баткен шаарында төрөлгөм. Эки бир тууганбыз. Иним Төлөгөн экөөбүз бала бакчага барчубуз. Аралыгыбыз бир жаштан болгондуктан, эгиздердей болуп  чоңойдук, кайда барбайлы чогуу жүрчүбүз. Кичинемде апам келгиче үй жыйнап, тазалап коёр элем. Бирок идиш-аяктарды көп сындырар элем (күлүп). Апам билип калбасын деп эшиктеги таштандыларга, чуңкурларга идиштин сыныктарын  жашырып койчумун. Мектепте орто эле окудум. Ал эми мектепти бүткөндөн кийин 2004-жылы юридика факультетине тапшырып, тилекке каршы, аны аягына чыгара албадым. Буга  ырга берилип кеткендигим себеп болгон. Андан үч жылдан кийин ОшМУнун фармация бөлүмүнө тапшыргам, буюрса аны быйыл бүтөм.

—Ырчылыкка кантип келип калгансыз?

—Мен музыканттын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Атам обон жазат, анан дагы аткаруучу.

—Чыгармачылыкка алгач кадам шилтегениңизде продюсер Асыл Аппасова менен иштешип жүрдүңүздөр. Кандайча таанышып калгансыздар?

—Асыл эже менен 2008-2009-жылдары таанышып калгам. Атайын Баткенден келип, КТРКга барып ырларымды угузуп, иштешүүнү сунуштагам.  Ал ырларымды угуп, жактырып, чогуу иштешүүнү чечкен. Эки жыл иштештик, 2010-жылы турмушка чыккандыгыма байланыштуу иштешпей калганбыз.

—Турмушка чыкканыңызда үй-бүлөңүз ырдашыңызга каршы болдубу? Эмне себептен чыгармачылыкты чогуу алып кеткен жоксуз?

—“Кыздын барар жери—күйөө” дейт эмеспи, анын сыңары үй-бүлөнү тандап кеттим. Жолдошумдун сөзүн угуп, чыгармачылыкты такыр унуткам. Тагдыр экен, жолдошум экөөбүз үч жыл мурда эки айры жолго түштүк, ортобузда  алмончоктой болгон эки кызыбыз бар. Улуу кызым кайненемдин колунда. Быйыл мектепке барат. Кайненеме бергендигимдин себеби, шаарда тил үйрөнүп, жакшы билим алууга шарт бар. Учурда кайнене, кайнатамдар менен катташып турабыз. Кызым алардай жакшы адам болуп чоңойсо деп тилек кылам. Кичине кызым өзүмдө, төрткө чыгып калды. Мурда ажырашкан адамдарга таң кала берчүмүн, эмнеге мындай кылдыңар деп. Башыңа түшсө башка экен, эми аларга туура түшүнүү менен мамиле кылам. Ажырашканымдан кийин атасы балдарына каралашып турат. Жакшы ата десем болот. Эки башка жолго түшкөнүбүзгө экөөбүз гана себепчи болгонубуз үчүн кайын журтум менен жакшы мамиледемин.

—Эмне себептен чыгармачылыкка кайтууну чечтиңиз?

—Музыка менин жан-дүйнөм десем болот. Эки жыл үйдө отуруп, чыгармачылыкты сагынып, ырчылыкка кайтууну туура көрдүм.

—Айпери Сыдыкова менен дуэт ырдоо менен чыгармачылыкка кайттыңыз десек болот. Эмне себептен чогуу ырдоону тандадыңыздар?Бегимай Карабаева, ырчы: “Ажырашканыбызга экөөбүз гана себепчи болгонбуз"

—Айпери Сыдыкова учурунда шоу-бизнестен ордун таап калган кыз. Ал дагы турмушка чыгып, бала-чакалуу болгон учурунда чыгармачылыгында тыныгуу болуп калды. Биринчи мен сунуш киргиздим. Экөөбүз тең чыгармачылыктан алыстап кеттик, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, шоу дүйнөгө кайталы дедим. Ал макул болуп, “Ламбаданын” кыргызча вариантын иштеп чыктык. Айпери менен иштешүүнү чечкенимдин себеби, анын ырдоо тембри күчтүү, андан сырткары боюбуз, арыктыгыбыз дагы окшош (күлүп). Сахнага чыкканда төп келишебиз деп ойлогом. Экөөбүз чыгармачылыкта эле эмес, сахна артында дагы мыкты достордонбуз.

—Экөөңүздөрдү мындан ары дуэт ырчылары катарында көрөбүзбү же жеке ырчы катарыбы?

—Дуэт катары чыкпайбыз. Жеке ырчы катары өз алдынча иш алып барабыз. Ал эми концерттерде “Ламбаданы” чогуу ырдоону улантабыз.

—Мурдагы шоу-бизнес менен азыркы шоу-бизнестин ортосунда айырма барбы?

—2009-2010-жылдардагы шоу-бизнес менен азыркынын айырмасы өтө чоң. Ошол учурда деле шоу-бизнес өтө күчтүү болчу. Бирок тойдо ырдоо мынчалык көп эмес болчу. Азыр эл ырчыларды тойго чакырып, көңүл бурула баштаптыр. Учурда чыгармачылыкка келүү оңой болуп калыптыр. Техника өнүгүп, ыр жазуу, клип тартуу иши мурдагыдай оорчулукту жаратпайт экен.

—Учурда эмне менен алексиз?

—Апам менен Баткенде турам. Үй-бүлөбүздүн  чакан бизнесин өнүктүрүү жаатында иш алып баруудамын. Аны менен бирге үч ыр жаздырдым. Келечекке пландарым абдан көп, ага учуру келгенде күбө болуп каласыздар деп ойлойм.

Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты