​Кытайда чыгарылган “Лиенхуа” капсулалары коронавирустан коргой турганы далилденген эмес (Фактчекинг)

Акыркы убактарда интернет тармагында “катуу ысытмага, булчуңдардагы ооруга жана коронавирустун башталгыч формасына каршы Кытайда жасалган “Лиенхуа” капсуласы эффективдүү жардам берет” деген маалыматтар таратылып жатат.

​Кытайда чыгарылган “Лиенхуа” капсулалары коронавирустан коргой турганы далилденген эмес (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөп турган убакта Кытай Эл Республикасы гуманитардык жардам ирээтинде Кыргызстанга бир катар дары-дармектерди жөнөткөн. Гуманитардык жардамда, “Лянхуа Цинвен Цзяонанг” капсуласынан 1256 таңгак, “Фуфанг Йижихао” дарысынан 838 таңгак жана “Цукаму” препаратынан 1399 таңгак берилген.

​Кытайда чыгарылган “Лиенхуа” капсулалары коронавирустан коргой турганы далилденген эмес (Фактчекинг)

Бирок, аталган дары-дармектердин Кыргызстанда тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлбөй ооруканаларда жарандарга таратылып жатканы бир топ талаштуу маселелерди жараткан. Ошол учурдагы вице ремьер-министр Элвира Сурабалдиева пандемия учурунда иммунитети төмөн жарандарга Кытайдын шектүү дарыларын берүү Саламаттыкты сактоо министрлигинин жоопкерсиздиги экенин айтып, тиешелүү чаралар көрүлөөрүн эскерткен.

Ал эми, медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова, бул дарылардын эффективдүүлүгү дүйнөнүн эч бир жеринде далилденбегенин айтып, социалдык тармактарда сатылып жатканы да кооптондура турган жагдай экенин билдирген.

‘“Лиенхуа препараты”

“Лиенхуа” препараты кытайлык Shijiazhuang Yiling Pharmaceutical Co., Ltd медициналык компаниясы тарабынан чыгарылып келет. Официалдуу түрдө 2013-жылы колдонууга чыгартылган. Компанияын официалдуу сайтында, “Лиенхуа препараты” өпкөнүн сезгенишин, сасык тумоону, ангинаны жана баш ооруу сыяктуу оорууларды жеңилдетүүгө жардам берген дары катары сүрөттөлөт. Ошондой эле аталган препарат кытайдын Мин жана Цин династиясындагы эпидемиологиялык тажрыйбаларын жана салттуу чөп дарылары кошулуп жасалаары белгиленген. Бул дары кытайда “биологиялык активдүү каражат катары” колдонулуп келет.

Ал эми, Кытайда 6-апрелде өткөрүлгөн брифингде коронавирусту жеңилдетүүчү 3 салтуу дарыны колдонуу сунушталган. Алардын арасында “Лиенхуа” препараты да бар. Башкача айтканда, бул препарат Кытай Эл Республикасында коронавирус жаңы башталган убакта колдонула баштаган.

Ал эми, Бүткүл дүйнөлү саламаттыкты сактоо уюму сунуш кылган, коронавируска каршы колдонууга уруксат берилген препараттардын арасында “Лиенхуа” препараты жок. Демек, “Лиенхуа” препараты тиешелүү дүйнөлүк изилдөөлөрдөн өткөн эмес. Мындан сырткары, ал Америка жана Европа өлкөлөрүндө да колдонулбайт.

Кыргызстанда “Лиенхуа” препараты расмий катталган эмес.

​Кытайда чыгарылган “Лиенхуа” капсулалары коронавирустан коргой турганы далилденген эмес (Фактчекинг)

Башкача айтканда, аталган препарат организмге кандай таасир берээри курамында психотроптук заттар бар экени далилденген эмес.

Кыргыз Республикасынын “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык гумунитардык негизде алынып келген каражаттарды сатууга тыюу салынаары белгиленген.

​Кытайда чыгарылган “Лиенхуа” капсулалары коронавирустан коргой турганы далилденген эмес (Фактчекинг)

Ошондуктан, Кыргызстанда официалдуу катталбаган дарыларды сатуу да мыйзамсыз болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, азыркы учурда коронавирус менен күрөшүү үчүн Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган жана текшерүүдөн өткөрүлгөн бир канча вакциналар иштелип чыккан.

Жыйынтык: “Лиенхуа” препаратынын баш жана муун оору жана коронавирустун кээ бир симптомдоруна каршы эффективдүү экени айтылган. Бирок, аталган препаратты колдонууга Кытай гана уруксат берген. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аталган препаратты ковид-19 га каршы колдонулуучу препараттардын катарына кошкон эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты