СПИД менен жабыркаган жарандардын укугу толук корголбойт
- 8 лет мурун
- Иликтөөлөр
Алмагүл БЕШИМОВА, үч жылдан бери СПИД менен ооруйт (белгилүү себептер менен аты-жөнү өзгөртүлдү): “Чүй облустук төрөткананын мурдагы башкы дарыгери менин оору таржымалымды ачык калтырып, кошунам оорум тууралуу билип алган”
Мыйзамга ылайык, ВИЧ жуктуруп алган жаран, өзүнүн каалоосу менен гана статусун ачыктайт. Өзүнүн каалоосу жок болсо аны тейлеген тараптар анын оорусу тууралуу ачык айтууга укугу жок. Ошого карабай, Чүй облустук төрөтканасынын жетекчилиги бул шартты аткарбай коюп, ВИЧ менен жашаган аялдын кошуналары билип калган учур катталган. Бирок ал кездеги жетекчилик бул алешемдигин мойнуна алгысы келбейт.
— Мындан үч жыл мурда кош бойлуулукту көзөмөлдөө боюнча каттоого туруу учурунда ВИЧ бар экенин билдим. Эреже боюнча кош бойлуулук каттоого туруу үчүн керектүү анализдерди тапшыргам. Ал жерден мага “Сенин каныңды дагы бир текшерүүгө алыш керек. Эртең кайра кел, каныңды текшеребиз” дешкен. Эртеси барып бардык анализдерди тапшырып, анализдин жыйынтыктары чыккыча диагнозум ВИЧ экенине ишенген жокмун. Тилекке каршы, тапшырган анализдеримде ВИЧ бар экени аныкталды. Диагнозумду угузганда бейтапканада, тагыраагы менин жанымда бир да психолог болбогону мени таң калтырды. Диагнозумду угузган медайымдар менин колума бардыгы болуп 180 таблетканы түзгөн төрт пакетти карматты. Ошол маалда мага эч кандай психологиялык жардам көрсөтүлгөн жок. “Мен бул баланы төрөбөйм. Азыр колумдагы таблеткаларды ичем, мындан кийин жашагым келбейт” десем, врачтар “Ал сенин өзүңдүн укугуң, өзүңдүн ишиң. Ичкиң келсе иче бер” деп тим болушту. А мен тагдырыма таарынып, эмне үчүн мындай болуп калганына кейип, бул жашоодон кечип кетким келди. Түйүлдүккө беш ай болгон эле. Жанымда отурган врач мени менен сүйлөшүүгө, мени алаксытып, мага ВИЧ боюнча кеңири маалымат берүүгө аракет кылган жок. Ойлонуп отуруп өзүмдү колго алдым. Себеби, үйдө мени күткөн чырактай эки балам бар болчу. Тагдырыма баш ийип оору менен алышып, врачтар берген даары-дармектерди убагы менен ичип турдум. Кийин кызым төрөлдү. Ал азыр үч жашка чыгып калды. Ден соолугу абдан жакшы, ал ВИЧ жок болуп, таза төрөлдү. Эң кызыгы, ВИЧ менен жабыркап калганымды билип, үйгө барып жолдошума айтсам, ал: “Сен ооруну бирөөдөн жуктуруп келдиң да” деп менден кетип калган. Ага деле аргасыз көндүм. Бирок дайыма “ооруну кайдан жуктуруп алдым экен” деп ойлоно берчүмүн. Көрсө, жолдошум мен ага турмушка чыга электе эле ВИЧ менен жабыркаган адамдардын тизмесинде экен. Демек, мага бул дарт жолдошумдан жугуптур деген жыйынтыкка келдим.
— Врачтар сиздин статусуңузду купуя сактабай, ачыктап салган учур болгонун айттыңыз эле…
— Кош бойлуу кезимде Чүй облустук төрөтканага түйүлдүк түшүп калат деген коркунуч пайда болуп, аны сактоо үчүн жаткам. Төрөтканага жатаар алдында мага №4 Республикалык СПИД борборунан ден соолугум туурасында рекомендация жазып берген. Ошонун негизинде менин оорумдун таржымалын бөлүмдүн башчысы эч кимге көрсөтпөй катып коюш керек эле. Бирок бөлүм башчы аны катпастан ачык калтырып койгон. Аны төрөтканада иштеген менин кошунам окуп алып, мени чакырып “Мына сенин ооруң тууралуу маалымат бөлүм башсынын үстөлүнүн үстүндө туруптур” деп колума карматты. Мен аябай ызаланып, Республикалык СПИД борборундагы өзүмдүн врачыма чалып “Эмнеге мындай кылышат?” десем, алар “Эртең менен барабыз” дешти. Эртең менен Бишкектеги Республикалык СПИД борборунан, Токмоктогу СПИД борборунан келип түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө, төрөткананын башкы дарыгери Наталья Василевская “Эгер өзү ушундай болсо эмнеге мен анын оору тууралуу тарыхын катышым керек” деп жооп берген. Ошондо “Менин ким экенимди сиз дагы көрөсүз” деген элем. Бирок сотко кайрылган жокмун. Балким, ал кезде ВИЧ инфекциясы тууралуу дарыгерлерге кеңири маалымат жетпесе керек. Биздин СПИД борборунан келген дарыгерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, ал врач кечирим сураганы эсимде калыптыр, бирок эч кандай жаза алган жок.
Наталья ВАСИЛЕВСКАЯ, Чүй облустук төрөтканасынын мурдагы башкы дарыгери: “Бейтапкананын кызматкерлери ар бир бейтап тууралуу билүүгө милдеттүү”
—Оорулуунун оорусу тууралуу таржымалы ачык болобу же жабык болобу, “СПИД менен ооруйт” деп ачык жазбастан, биз аны “В – 20” деп жазабыз. Ал жерде өзүнүн медициналык шифрлери болот. Ошол эле учурда бейтапкананын кызматкерлери ар бир бейтап тууралуу билүүгө милдеттүү. Бирок жабыркаган адамдын туугандары, жакындары келсе аларга эч кандай маалымат бербейбиз.
Мыйзамда жаза каралган
“Кылым Шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, эгерде дарыгер ВИЧ илдетине чалдыккан жарандын купуялуулугун сактабаган учурда Кылмыш жана жаза кодексинин 145-беренесине ылайык жазага тартылышы керек.
145-берене. Дарыгерлик сырды билдирип коюу
(1) Медициналык, фармацевт же башка кызматкер кесиптик же кызматтык зарылдыгы болбосо деле, пациенттин дарты же медициналык күбөлөндүрүлүшүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды билдирип койгондо, эсептик көрсөткүчтүн отуз өлчөмүнө чейин айып салынат.
(2) Ошол эле жосундар адамдын иммунодефицитинин вирусу бар экендиги жөнүндө маалыматтарды билдирүү аркылуу жасалганда, эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
(3) Эгерде ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар байкабастыктан оор кесепеттерге алып келсе, үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Тиш доктурлар тарабынан кодуланган Каныбек Ишекеев
Каныбек ИШЕКЕЕВ, тогуз жылдан бери СПИД менен жабыркап келет (Белгилүү себептер менен аты-жөнү өзгөртүлдү). Ал бул илдетти жуктуруп алганын 2007-жылы билген. Ал ооруп калган учурда ооруканаларга көрүнгөнү барганда, дарыгерлер анын статусун билери менен өздөрүнө жакындатпай, кабыл албай койгон учурлары кездешерин айтат.
“Ооруп калганда бейтапканаларга кайрылууга аргасыз болосуң. Бейтапканаларга барганда, менин ВИЧ илдети менен жабыркаганымды билген соң, өзүнө жакындатпай, кабыл албай койгон учурлар кездешет. Мисалы, Бишкек шаарындагы №5 Стоматологиялык поликлиникага тишим ооруп, бир канча жолу бардым. Ал жерден кээ бир врачтар кабыл албай коюшкан. Айрымдары “ВИЧ менен оорулуу сен эшикте күтүп тур. Биринчи акча төлөгөндөрдү дарылайм, анан сени кабыл алам” дешкен. Ооба, бизге болгон мындай мамилелер аябай эле катуу тиет. Ал врачтар мыйзам чегинде бардык адамдар бирдей экендигин, аларга кайрылган жарандардын баардыгын бирдей дарылоого укуктуу экенин билишсе дагы, эмнегедир билмексенге салышат”, — дейт Каныбек Ишекеев.
Биз аты аталган №5 Стоматологиялык поликлиникага кайрылдык. Бул мекеменин дарылоо иштери боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жумагүл Кермакунова бул ишти мойнуна алган жок. “Бизде андай болушу мүмкүн эмес. Жөн жерден жалаа жабуунун кереги жок. Биз, медициналык тил менен “ВИЧ менен ооруйт” деп айтпайбыз, “Гепатит менен жабыркагандар” дейбиз. Алар Республикалык СПИД борборуна тизмеге турушат. Ошол борбордон биздин клиникага “Баланчанчы баланчаев барып тишин дарылайт” деп телефон чалып, медициналык багыттама менен жиберишет. Биздин клиникада аларды дарылай турган атайын бир бөлмөбүз бар. Ал жерде эки стоматолог иштейт. Стоматологдор гепатит менен жабыркагандарды бекер дарылашат. Негизи эле Бишкек шаары боюнча гепатит менен жабыркаган жарандарды стоматологиялык жагынан биздин клиника тейлейт”, — дейт Кермакунова.
Азиза Абдрасулованын айтымында, мындай учур Кылмыш жана жаза кодексинин 119-беренеси боюнча жөнгө салынат.
119-берене. Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы
1) Медициналык кызматкер өзүнүн кесиптик милдетин аткарбаганда же талапка ылайык аткарбаганда, бул саламаттыктын узак убакытка бузулушуна алып келгенде, эмгекке жарактуулугунун үчтөн бирин туруктуу түрдө жоготуу менен коштолгондо, беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат, же эсептик көрсөткүчтөн жыйырма пайыздык өлчөмүнөн элүү пайыздык өлчөмүнө чейин айып салынат.
2) Ошол эле жосундар жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
120-берене. Оорулууну дарылоону мыйзамсыз токтотуу
Медициналык кызматкер оор абалда жаткан оорулууну дарылоону мыйзамсыз токтоткондо, ушунун натыйжасында оорулуу оор абалга дуушар болсо, жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Мыйзам толук иштебейт
Эки жолку окуяда дагы ВИЧ жуктуруп алган жарандар, Конституцияда кепилденген укугунан пайдаланып, укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Бизде жазылган мыйзамдардын баарында алардын укугу башкалардан кем эмес, толук корголушу керек. “Кылым шамы” коомдук фондунун башчысы, укук коргоочу Азиза АБДРАСУЛОВА ВИЧ илдетине чалдыккандар боюнча мыйзам иштебей келерин айтат:
— Бир жылы бейтапканалардын биринде иштеген медайым ВИЧ инфекциясы менен жабыркаган адамдар менен иштешип, натыйжасында өзү да ВИЧ жуктуруп алган. Ал медайымды чогуу иштешкендери жабырлануучу катары карабастан, ооруп калгандан кийин “Башка бейтаптарга дагы ооруну жугузду” деп ал медайымды жоопко тартышкан. Ал медайымдын да оору таржымалын ачык жарыялап коюшкан экен. Анын кесепетинен кесиптештери аны менен сүйлөшпөй, чогуу отуруп тамак жебей калышыптыр. Чынында эле ВИЧ менен ооруган адамдардын оору таржымалы жашыруун түрдө болуусу шарт. Аны ачык айтканга эч кимдин укугу жок. Эгерде оорусу тууралуу маалыматты ачыктап салса, ага карата кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жогорудагы медайымдын укугун коргойлу деп аракет кылганыбызда ошол мыйзамды иштете албай койгонбуз. ВИЧ менен жабыркаган адамдардын укугун коргоо тууралуу мыйзам болгону менен ал иштебеген мыйзам. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда ВИЧ менен жабыркагандыгын ачыктап койгондугу үчүн бир дагы киши атайын жоопкерчиликке тартылган эмес. Экинчиден, ВИЧ менен жабыркаган адамдар кайсы бейтапканаларга кайрыла ала тургандыгы туурасында конкреттүү жоболор болушу керек. Конкреттүү түрдө бир механизм иштеши керек да. Жабыркаган адамдар ар кандай кемсинтүүлөргө учурабаш үчүн кайсы медициналык мекемелер карайт экендигин билиши керек. Бирок бул аларды таптакыр эле коомдон четтетип коюш керек деген нерсеге жатпайт. Мамлекет аларга шарт түзүп бериши керек да. Алар коомго коркунуч алып келбей, өздөрү психологиялык жактан басмырлоого дуушар болбой тургандай механизмдерди ойлоп чыгыш керек.
СПИД боюнча кыскача маалымдама…
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан эпидемиянын өсүшүнүн жогорку арымы байкалган жети өлкөнүн бири болуп саналат. СПИД Кыргызстанда биринчи жолу 1987-жылы катталган. Ошентип, акыркы 10 жылдын ичинде СПИД менен ооруган адамдардын саны 8 эсе көбөйүп кеткен: 2005-жылы 826 учур катталса, 2016-жылы 6730га чейин көбөйгөн, анын ичинде баңгизатты ийне аркылуу кабыл алып жуктургандардын саны — 3223 болгон. КР Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, өлкөдө СПИДге чалдыккандардын болжолдуу, расмий түрдө катталгандардын саны 8100 адам болуп саналат. Дартты ийне аркылуу жуктуруунун азаюусуна карабастан, 2011-жылы 60,3%дан, 2016-жылы жыныстык жол менен жуктургандардын өсүшү 47,8%га көбөйгөнүн белгилей кетүү зарыл. Бирок СПИД — адам үчүн өлүм жазасы эмес. Бул ооруну өтүшүп кете электе аныктап, токтоосуз дарыласа, бул дарт менен ооруган адам узак жыл башкаларга жуктурбай, үй-бүлө куруп, ден соолугу чың балдарды төрөп, иммундук жетишсиздигин жугузуунун синдромун сезбей жашаса болот.
Кымбат ТУРДУБЕКОВА
Бул макала IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросу менен кызматташуунун жана Европалык кеңештин каржылоосун менен ишке ашып жаткан “Демократиялык реформаларды алдыга жылдыруу үчүн журналисттик иликтөөлөр практикасын түптөө” долбоорунун алкагында даярдалды.