22-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 22-июлга караган түнү жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетип, айрым аймактарда 15–20 метрге чейин күчөйт.

АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +27…+32;

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн +18…+20, күндүз +28…+30.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты