Кыргыз-кытай газ кууру курулат

Кыргыз-кытай газ кууру курулат

Кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы — 1,2 млрд. доллар. Курулуш 2019-жылдын аягында башталмакчы.

Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет маалымдады. Ага ылайык, кыргыз-кытай газ куурун куруу боюнча сүйлөшүү 18-декабрда кыргыз өкмөтү менен Кытайдын «SINO-Pipeline» компаниясынын ортосунда болду.

Долбоор Түркмөнстандын газын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга сатууну максат кылат. Газ куурунун Кыргызстандагы узундугу 215 чакырымды түзөт.

Кыргыз-кытай газ кууру Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы «Карамык» бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам бекетинен бүтөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты