Лидерликти өнүктүрүүгө арналган долбоордун жыйынтыгы чыкты

Лидерликти өнүктүрүүгө арналган долбоордун жыйынтыгы чыкты“Жаш кыздардын жана келиндердин потенциалын арттырууга багыт берүү” деп аталган долбоор аягына чыкты. Бул долбоор Ысык-Ата районунун  А.Токтоналиев айылындагы профессор А.Молдокулов атындагы мектеби менен Баткен шаарына караштуу Кызыл-Жол орто мектебинде үч ай бою жүрүп, окуучу кыздарды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо жана лидерлик сапаттарды арттыруу боюнча атайын тренингдер өткөрүлдү.

Долбоордун координатору Айзаада Усупованын айтымында, бул иш-чаралар АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана Фулбрайтчылар ассоциациясынын колдоосу менен ишке ашты.

Мектеп директорлорунун айтымында, Жалпы республикалык терстирлөөнүн жыйынтыгы боюнча былтыркы жылдагы көрсөткүчкө караганда, быйылкы көрсөткүчтөр кыйла жогору. Мисалга алсак, былтыркы окуу жылында Ысык-Ата районундагы мектептин окуучуларынын 17%ы босого көрсөткүчтөн өткөн болсо, бул долбоордон кийин 2017-жылдын көрсөткүчү боюнча окуучулардын 25%ы босого чектен өткөн. Ал эми Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинде 2016-жылдагы көрсөткүчтөр боюнча бүтүрүүчүлөрдүн 35%ы босого чектен өткөн болсо, бул көрсөткүч 2017-жылдын жыйынтыгында 53%га жогорулаган. “Айрыкча, босого көрсөткүчтөн өткөн кыздардын көп болгону долбоордун ийгиликтүү өткөнүнүн далили болуп турат” дейт Кызыл-Жол орто мектебинин директору Махабат Алимова.

Лидерликти өнүктүрүүгө арналган долбоордун жыйынтыгы чыкты “Биз долбоор баштала электе тренинг өткөрүп, кыздардын кандай максаттары бар экенин сурап көргөнбүз. Ал учурда окуучулардын максаттары жалпыланган максаттар болчу. Долбоордун аягында дал ошол эле суроолорду кайра бергенибизде алар максатты так коюунун мааниси канчалык чоң экенин түшүнүп, буга чейинки жалпыланган максаттарын конкреттештирүүгө жетишиптир. Бул алардын келечектеги кесиптерин тандоого дагы түрткү берди деген ойдобуз” дейт уюштуруучулардын бири Дилбар Алимова.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты