Кутулбаган карыздын тарыхы. Өлкөнүн карызы кантип көбөйгөн?

Кыргызстандын мамлекеттик карызы, 2021-жылдын 31-январына карата, рекорддук 4 млрд 954,11 АКШ долларына жеткен. Ал эми мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү 4 млрд 221 млн. долларды түзгөн. Мындай көрсөткүч жалпы карыздын 85,2%ын түзөт. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги маалымдайт.

“ПолитКлиника” редакциясы мамлекеттик тышкы карыздын тарыхын, түзүмүн жана келечегин талдап көрүүнү чечти.

Биринчи карыз — Кытайдан

Кыргызстан алгачкы тышкы карызын Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынан алган. Ачык булактарга ылайык, 1992-жылы Кыргызстан 4,97 млн.АКШ доллары көлөмүндө алган. Бир жылдан кийин биздин өлкөнүн тышкы карызы 146 млн.долларга жакындаган. 1992-жылы Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандан жана Эл аралык валюта фонду жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы сыяктуу уюмдардан карыз алган.

Беш миллиондон беш миллиардга

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматынан Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү жылдан жылга өсүп келгенин байкаса болот.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Кыргызстандын тышкы карызынын азайышы 2018-2019 жылдары байкалган. 2018-жылы Орусия Кыргызстандын 240 млн.АКШ доллар көлөмүндөгү карызын кечкенин эске сала кетели.

Отуз тогуз субъекттен карыз алганбыз

Кыргызстан өз тарыхында көптөгөн уюмдардан жана мамлекеттерден карыз алды. 2020-жылдын аягында алардын саны отуз тогузга жетти. Биздин өлкөгө карыз бергендерди экиге бөлүп койсо болот: биринчиси — мамлекеттер. Алардын ичине Орусия, Казакстан, Өзбекистан, Дания, Түркия, Пакистан, Индия жана Түркменистан кирет. Экинчи бөлүгүнө Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы сыяктуу банктар, фонддор жана уюмдар кирет.

Мындан сырткары, өлкөнүн карызы төрткө бөлүнгөн: эки тараптуу жеңилдетилген, эки тараптуу жеңилдетилбеген, көп тараптуу жеңилдетилген, көп тараптуу жеңилдетилбеген.

Эң көп карыз — Кытайга

Кыргызстан ондогон уюмдарга жана мамлекеттерге карыз болгону менен, тышкы карыздын деерлик 42%ы Кытайга туура келет.



















Тышкы карызды төлөөгө жумшалган каражаттардын көлөмү көбөйүп келет

Кыргызстан тышкы карызды тейлөө үчүн Республикалык бюджеттен жыл сайын каражат бөлүп келет. Экономика жана финансы министрилиги биздин редакцияга берген маалыматты төмөнкү графиктен байкай аласыз.

Ошондой эле, Кыргызстан 2021-2023-жылдар арасында 123 млрд 142 млн сом тышкы карызды тейлөөгө жумшай турганы пландаштырылып жатат. Бул сумма жыйырма жыл ичинде коротулган каржаттардан 22,4 млрд.сомго жогору.

Мындан сырткары, Кыргызстан тышкы карыздын негизги бөлүгүн 2023-2028-жылдары төлөшү керек. Бул жылдары биздин өлкө жыл сайын 350 млн.доллардан 400 млн.долларга чейин бөлүп турушу абзел.

Садыр Жапаров: “Ишенимдүү булактар бар”

Экономика жана финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз департаментинин жетекчиси Руслан Татиков “Ала-Тоо 24” каналына берген маегинде тышкы карызды төлөө үчүн элден 13,2 млн.сом чогулганын билдирди. Анын айтымында, министрликтин астында эки эсеп ачылган.

“Министрликтин алдындагы атайын эсепке 13 миллион 332 миң сом чогулду. Азырынча каражат чогултуу иштери жүрүп жатат. Кийинчирээк бул каражаттарды тышкы карызды төлөө үчүн сунуштар болот деп ойлойм”, — деди Руслан Татиков.

Мындан сырткары, Экономика жана финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков Кыргызстан карыздар боюнча милдеттенмелерин өз убагында жана толук түрдө төлөп тейлерин биздин редакцияга билдирди.

Ошондой эле, өлкөнүн Президенти Садыр Жапаров “Азаттыкка” берген маегинде тышкы карызды тейлөө үчүн ишенимдүү булактар бар экенин билдирген:

“Биз карызды өз убагы менен төлөп берип жатабыз. 2020-жылдын 31-декабрына чейин 30 млн.доллар төлөп беришибиз керек болчу, аны төлөдүк. Быйыл деле төлөгөнгө ишенимдүү булактар бар”, — деп билдирген Садыр Жапаров.

Бирок, өлкө башчысы кайсы булактар экенин тактаган эмес.

Төлөбөсөк эмне болот?

Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстан карызды төлөбөсө же төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, бир канча стратегиялык объекттерден кол жууп калабыз:

“Эгер карызды төлөбөсөк, ЖЭБ, Түндүк-Түштүк жолу, Датка-Кемин долбоорлорун башкаруусу аларга [Кытайга — ред.] өтүп кетет. Ошол долбоорлорго алганбыз да насыяларды. Алар жетпесе, башкаларын да алып коюшу мүмкүн”, — деп билдирген Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты