Мураскер ким болот?
- 8 лет мурун
- Маек
19-ноябрга деп айтылып жаткан президенттик шайлоону утурлай, келечектеги президенттикке талапкерлердин алгачкыларынын аты атала баштады. Биринчилерден болуп Темир Сариев президенттикке талапкер болгонун жарыя кылса, андан соң Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Мыктыбек Абдылдаев көрсөтүлдү, дагы бир тобунун аты аталууда. Президент бир нече ирет бийликтин партиясы мураскер таптабай турганын жарыя кылганына карабай, КСДП партиясынан президенттикке мураскер чыгарбай койбойт деген пикир коомчулукта басымдуу. Ошол мураскер катары президенттикке талапкер болуп чыгышы мүмкүн деп коомчулукта айтылып жүргөн адамдарды электен өткөрүп көрөлү.
Албек Ибраимов
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 1967-жылы 1-июнда Бишкек шаарында туулган. Борбордогу №58 мектепти бүтүргөн. 1994-жылы Бишкектеги коммерциялык колледжди, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Саясаттагы жаңы кадр. Жумушчулук кесиптен тартып борбор шаардын мэрине чейинки жолду басып өткөн. 2017-жылдын 1-январында Бишкек шаарынын мэри болуп экинчи ирет шайланган. Президенттин ишенимдүү адамдарынын бири. Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден баштап мамлекеттик жогорку кызматтарга секирик жасай баштаган.
Кыргызстандагы бай адамдардын бири. Жылдык жеке кирешеси: айлык маянадан 765,5 миң сом жана азык-түлүк сатуудан 3 миллион сом. Ээлик кылган мүлкү: жалпы аянты 12,8 гектарды түзгөн 29 жер тилкеси. Ишеничтүү башкарууга берилген: компаниядагы 100 пайыздык үлүшү; Жакындарынын кирешеси: жер тилкелерин сатуудан 33 миллион сом. Жакындарынын мүлкү: 100 гектар аянт жер тилкеси.
Оң кайрык
Чарбачыл, аракетчил жетекчи. Бишкек шаар башчылыгына келгенден тарта арылбай жаткан таштандыларды тазалап, өмүрү жуулбаган өтмөктөрдү, жолдорду жышып жуудуртуп, шаарды гүлгө толтурду.
Терс кайрык
Саясатчы катары такшала элек. Шаар башчылыгына талапкер болуп жатып жазган дилбаянынан элементардуу сөздөрдү ката жазганы ачыкталган. Мамлекет башчы болуу үчүн сабаттуулук дагы жогорку орунда болушу шарт эмеспи. Андан сырткары, бир катар чуулгандуу иштерге аралашкан деген дооматтар коюлган. “Манас” аэропортунда башкы директордун орун басары кезинде кеңешчисине 160 миң сом маяна коюп бергендиги үчүн жамааттын нааразылыгына кабылып, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Максим Бакиевге таандык жер тилкесин аялына каттатып, аны кайра президент Алмазбек Атамбаевге сатканын айыптап чыгышкан.
Сапар Исаков
Президенттик аппарат жетекчисинин орун басары. 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. 1999-жылы Кыргызстандагы эл аралык университетти бүтүргөн. Эмгек жолун ушул университетте окутуучулуктан баштап Тышкы иштер министрлигинде, Президенттик аппаратта эл аралык бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген. Президенттин ишенимдүү адамдарынын бири. Германиянын канцлери Ангела Меркель келгенде Алмазбек Атамбаев аны “оң колум” деп тааныштырган.
Оң кайрык
Дипломатиялык жөндөмү менен айырмаланат. Документтер менен кынтыксыз иштейт, эл аралык байланыш документ жумуштарын так аткарат. Орус, англис, түрк тилдерин билет. Жаш, билимдүү, энергияга бай болуп турган убагы.
Терс кайрык
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин ЦАРИИ уюмунда эл аралык байланыштар бөлүмүн жетектеген. Апрель революциясынан кийин Алмазбек Атамбаев менен жеке мамилесинен улам саясий карьерасын улантып кете алган. Оппозиция өкүлдөрү, алсак, Өмүрбек Текебаев, Сапар Исаков сыяктуу азыркы бийликке эт-бетинен кеткен кадрлар кийинки шайлоодо бийликке келбей эле койсо деген пикирде. Жаш болсо дагы аябай “ийилчээк” адам экени, мындай адамдардын колуна бийлик берүү кооптуу экени айтылат.
Абдил Сегизбаев
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы. 1973-жылдын 25-майында Бишкек шаарында туулган. 1996-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган. Эмгек жолун Сорос фондунда координаторлук кызматтан баштаган. Экс-президент Аскар Акаевдин пресс-катчысы болуп иштеген. Сегизбаев 2011-жылы Атамбаевдин жардамчысы кызматына келген. Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. 2014-жылы УКМКнын башчысынын орун басары, бир жылдан кийин комитеттин башчысы болуп дайындалган.
Оң кайрык
Уюштуруучулук жөндөмү менен айырмаланат. Президенттердин тилин таба алат. Билимдүү, көп тил билет, жаш, энергияга бай, интеллекти бийик.
Терс кайрык
УКМКда иштеп жаткан учурда бир катар чуулгандуу иштер чыкты. Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдордун “Мегакомдон” үлүш алмактыгы далилденди, бул боюнча Белизден документтер келди деп, аларды мамлекет башчыга бергени чоң чууну жаратты. Мындан сырткары, социалдык тармактарда президентке каршы пикир жазган жарандарды суракка алууну дагы Сегизбаевге байланыштырып келишет.
Сооронбай Жээнбеков
1958-жылдын 16-ноябрында Ош областынын Кара-Кулжа районунда туулган. 1983-жылы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган. Эмгек жолунда башкы зоотехниктен баштап Өкмөт башчылыкка чейин кызматтарды басып өттү. 2010-жылдан кийин Ош облусун жетектей баштаган. Ал эми 2015-жылдан баштап аз убакытта бир канча кызмат алмаштырган —мамлекеттик кадрдык кызматтын жетекчиси, президент аппаратынын башчысынын биринчи орун басары жана өкмөт башчысы.
Кыргызстандагы бай адамдардын бири. 2015-ж. жылдык кирешеси: 476 миң сом. Менчигинде: үй, 160 чарчы метр; сарай, 120 чарчы метр; чарбалык үй, 60 чарчы метр; чарба курулуштары менен үй; айыл чарба жер тилкеси, 21 гектар; айыл чарба жер тилкеси, 18,7 гектар; айыл чарба жер тилкеси, 6,7 гектар; жер тилкеси 1,5 гектар; жер тилкеси, 8 соток; башка жер тилкелери, 1 гектар; көп жылдык бак-дарактары, 40 гектар; көп жылдык бак-дарагы, 17 гектар; соода-сатык павильону; МТЗ-80 трактору. Жакындарынын кирешеси: 3,6 миллион сом. Жакындарынын менчигинде: батир, 64 чарчы метр; айыл чарбалык жер тилкеси, 10 гектар; жайыт, 50 гектар; жайыт, 16,6 гектар.
Оң кайрык
Чарбачыл жетекчи. Иштерман, айыл чарбасын жакшы билет. Саясий интригаларга аралашпайт.
Терс кайрык
Саясат айдыңында чабал. Харизмасы жок. Президенттик деңгээлге чейин өсүп жетиле элек.
Иса Өмүркулов
ЖК депутаты. 1957-жылы 12-мартта Чүй облусунун Горная Маевка айылында туулган. Фрунзедеги политехникалык институтту, Алматыдагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Эмгек жолун Илимдер академиясында лаборанттыктан баштап, партиялык кызматкер, бир нече чакырылыштагы ЖК депутаты, Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген.
Кыргызстандагы бай адамдардын бири. 2015 жылдык кирешеси: 1,04 миллион сом. Мүлкү: кой короо; жер тилкеси, 0,10 гектар; жер тилкеси, 0,09 гектар; жер үлүшү, 4,25 гектар; жер үлүшү, 3,19 гектар; жер үлүшү, 2,65 гектар; жер үлүшү, 1,59 гектар. Жакындарынын кирешеси: 532 миң сом. Жакындарынын мүлкү: 30,8 чарчы метр аянт батир; жүк ташуучу автоунаа; жеңил автоунаа; колдонулбай турган 73,1 чарчы метр аянт; 204 чарчы метр аянт үй; үй, 99 чарчы метр; жер үлүшү, 0,9 гектар.
Оң кайрык
Саясий жагынан такшалган. Өзүнүн позициясы бар. Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген учурунда алгылыктуу иштери менен белгилүү. Мэр катары Ош базарынын тегерегин иретке келтирген.
Терс кайрык
Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурунда Жеңиш паркынын айланасынан мыйзамсыз жер берген деген шектенүүгө негиз берип, кийин акталып чыккан.
Кубанычбек Кулматов
Кулматов Орус-кыргыз өнүгүү банкынын төрагасы. 1963-жылдын 14-февралында Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолун КМУнун окутуучулугунан баштаган. Комсомолдук кызматкер, элчи, Бажы кызматынын башчысы, Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген.
Оң кайрык
Кыргызстанга эмгеги сиңген Кеңеш Кулматовдун уулу деген даражасы ага кадыр-барк алып келген. Москвада иштеп, Кремль менен мамилеси жакшы. Мураскер тууралуу сөз боло баштаганда, өз талапкерлигин четке каккан.
Терс кайрык
Бишкек шаарынын мэри болуп турганда шаардыктардын нааразылыгына көп кабылгандыктан отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Эгер Кулматов мураскер болуп чыкса, анда бул маселени Кремль чечет деген сөзгө ынанса болот. Анткени Кулматовду Орусиянын таасирдүү фигураларынын колдоосу менен ушул деңгээлге жеткени айтылып жүрөт.
Эмил Жураев, саясат талдоочу: “КСДП менмин деген саясатчыларга теңдеше турган адамга муктаж болуп жатат”
—Бул аталган адамдардын көпчүлүгү калың эл тааныган, жакшы жагынан билген адамдар эмес. Чыныгы саясатчы эмес, аппаратчылар, бюрократ ишмерлери. Булардын ар бирине КСДП партиясынын кайсы бир деңгээлде ишенбестиги бар. Өмүркулов менен Сооронбай Жээнбеков, албетте, эскиден калган саясатчылар, бирок булардын дымагы да, бедели да анчейин күчтүү эместей. КСДП өз арасынан азыр өлкөнүн эң күчтүү, тажрыйбалуу, менмин деген саясатчыларына теңдеше турган адамга муктаж. Бирок бул талапка жооп берген талапкер табылбай жатат окшойт.
Турат Акимов, саясий аналитик: “Атамбаев кимиси камчыга сап болуп берет деген ойдо жүрөт”
— Негизи парламентаризм — бул уюшулган топтордун бийлиги. Ошондуктан ар бир фракция талапкерин чыгарат, балким 2-3 кишиден. Ортодон 10 чактысы саясий маскарапоздор болот, дагы 10 чактысы чоңдордун мини-филиал-адамдары болот. Албетте, бийликтин партиясынан да адамдар чыгат. Эч кайсы бийлик жөндөн-жөн бийлигин жоготкусу келбейт. Бийликти бир гана аскет-философтор өз ыктыяры менен таштап кетиши мүмкүн. 2016-жылдын 11-декабрында конституциялык реформанын негизинде президенттин бир катар ыйгарым укуктары таратылды. Жарымы спикерге, жарымы премьер-министрге кеткен. Ошонун баары эмнеге жасалган? Бул схеманы Атамбаев журналисттерге “защита от дурака” деп түшүндүргөн. Мааниси мындай — эгерде мураскердин ордуна ойлобогон жерден “чоочун” же “келесоо” келип калса, менин иштеримди чукуйт, аброюма көлөкө түшүрөт жана кегин алат дегенден чыккан. Ошондуктан Атамбаевдин мураскери өтпөй калса, ал жерге келген чоочун-келесоонун колунан эч нерсе келбей калышы керек. Жаңы Конституциянын негизинде келген президент – колу бош, эч нерсеге жарабаган эл башчы болуп калат — таризи ушунда. Албетте, Атамбаев бардык бийлик бутактарын сактап калгысы келет. Негизи мындай — бүт бийлик парламентте отурган эң күчтүү фракциянын колуна түшөт – бул СДПК. Натыйжада – СДПК өкмөт курамын түзөт, спикерди шайлайт, коалициянын өзөгүн чечет жана күч структураларын бекитет. Бирок Атамбаевдин командасында ар түрдүү адамдар көп, ошондуктан азыркыга чейин Атамбаев кимиси камчыга сап болуп берет деген ойдо жүрөт. Алмазбек Атамбаев бүгүн премьер-министрди да, спикерди да, генпрокурорду да чечип кетиши керек. Ал өтө кыйын абалда жүрөт, кеп бир эле мураскерде эмес.
Башка проблема — бул ыкма-технологиялар. Байлар, акчага добушту сатып алышты же карусель жасашты гана билет. Бийлик болсо, бир гана административдик ресурска басым кылат – Мамкаттоо кызматы менен БШКнын серверин колдонот жана бюджеттегилерди айдайт. Кедейлердин көбү “кимиси көбүрөөк төлөйт” дегенди ойлоп жүрөт.
4-5 жыл (шайлоонун аралыгында) карапайым калк адилет, акылман, эстүү, билимдүү, ыймандуу адамды издейт. Бирок “ойлогон ойду кыйнаган турмуш жеңет” дегендей, шайлоого 3 күн калганда эл баарын унутуп, кимиси көбүрөөк берет экен деп кетет. Шайлоодон кийин кайра эле баягылар келди деп наалып калат.
Ошондуктан, эл, биринчиден, тилегин оңдосун – эгерде элге акча керек болсо — анда түз эле байларга кызмат кылсын, олигархтын штабына кирсин, байдын этегин кармасын – ыйык ойлор менен башын бекер оорутпасын.
Искендер Ормон уулу, “Сереп” изилдөө институтунун жетекчиси: “Болочок президенттин ким болоорунун белгисиз экендиги кемчилик эмес”
— Чындыгында кийинки президент ким болоору белгисиз. Муну кемчилик эмес, ийгилик катары караш керек. Демократиялык жарыштары адилеттүүлүккө жакын болгон өлкөлөрдө кийинки президенттин ким болоору алдын-ала белгилүү болбойт. Албетте, божомолдор болот, жарышка катыша тургандардын сапаттары жөнүндө сөз болот, бирок алдын-ала эч ким ушул адам мамлекет башчысы болот деп айтыш кыйын. Авторитардык өлкөлөрдө алдын-ала мураскерлер — баласы, тууганы, жакыны же мурдагы башкаруучуга ымалалаштар белгилүү болуп калат. Мына жакында эле Тажикстандагы, Азербайжандагы окуялар муну көрсөтүп жатат. Биз ал жагынан алда канча тажрыйбага ээбиз.
Экинчи жагынан, ар бир өлкөдө өткөөл учурларда, демократиясы бышыкталбаган, мамлекеттүүлүгү толук орной элек, демократиялык тажрыйбасы аз, жаңы торолгон өлкөлөрдө мураскер болушуна аракет кылынат, бул нормалдуу нерсе, саясаттын бир чындыгы. Муну коомчулук каалаган учур болот, каалабаган учур болот. Ошол убакта бийликте турган адамдар өз бийлигин өтө жаман болду дебейт, жакшы болду деп түшүнөт, алар өзүнөн кийин программа, пландарын уланта турган, орундата турган, тилектеш, максатташ, жакын түшүнүктө болгон адамдардын келишин каалайт. Ошого жараша саясаттын мыйзамдуу ченемдери менен аракет кылынат. Бул нормалдуу нерсе. Тилектеш, максатташ адамдардын болушун каалаганына да чоочуркап карабашыбыз керек.
Бирок, ошого карабастан, эл, жалпы эле коомчулук эмнени каалайбыз? Мураскер деп айтылып жаткан адамдардын ичинен болобу же башка атаандаштардан болобу, кайда баратабыз, өлкөнү, коомду кандай элестетебиз? Ааламдашкан дүйнөдө, илим-билим, технологиянын өнүгүп жаткан учурунда, саясат, экономика, илим-билим бири-бири менен жуурулушуп өнүгүп жаткан учурунда бизге кандай сапаттагы ажо, башкаруучу керек дегенди тактап алсак, эл бир пикирге келсе, ошону талап кылганга, ошондой жетекчинин келишин каалаганга шайлоо алдында кандай бир деңгээлде жоопкерчилик болот. Ааламдашуу чындыгын кабыл алып, илим-билим өнүгүп жаткан учурда, изоляцияланган өлкөлөр менен эмес, өнүгүп жаткан өлкөлөр менен алакалаш болсо, келечек ажо дипломатиялык жөндөмү терең, жаңы демократиялык сапаттарды тереңдете алган, ошондой ал-күчү, түшүнүгү болгону абдан жакшы. Өлкөнү өнүктүрүүнүн кандай өнүктүрүү түркүктөрү болот? Биринчи түркүк — бул илим-билим, экинчиси — адилеттүүлүк. Илим-билимсиз өнүгүү болбойт. Адилеттүүлүк болбосо атаандаштык, инвестиция, ички өнүгүү, креативдик дагы болбойт. Ушул эки түшүнүктү алып кете ала турган, өнүктүрө ала турган сапаттагы, жөндөмдөгү, ал-күчтөгү атуулдар келсе, кыргыздын бактысына, келечек муундун ырааттуу жашоосуна чоң мүмкүнчүлүк болмок деген ой.
Даярдаган Айгүл Бакеева