​Юристтер: “Монархисттик-фашисттик Конституция долбоору”

9-февралда конституциялык кеңешме сунуштаган Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды. Азыр жаңы долбоор — коомдук талкууда. Юристтер Конституциянын жаңы долбоору чийки жана бир катар кемчиликтери бар экенин айтышууда.

Супер-полициялык мамлекет болобуз

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Конституциянын жаңы долбооруна 80 өзгөртүү киргизилгенин жана фундаменталдуу тобокелчиликке түртөөрүн айтты: “Референдумду жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бирге өткөрүү шашылыш кадам. Киргизилген 80 өзгөртүүнүн 60% тобокелчиликке түртөт жана алар кайра иштеп чыгууга муктаж. Мыйзамдардын маанилик тарабы гана эмес, орфографиялык, грамматикалык каталары бар. Орусча-кыргызча котормолору бири-бирине дал келбейт”, — деди.

Ошондой эле Таттуубүбү айым сунушталган Конституция, полициялык өлкөгө алып барарына токтолду: “Бул социалдык-экономикалык өнүгүүгө терс таасирин тийгизет. Себеби мындай өлкөдөн инвесторлор качат. Бийлик бутактарына тиешелүү нормалардын бардыгын Акылбек Жапаров, Курманкул Зулушев жана президенттик аппарат жазган деп жатышат. Бул Конституцияны элдик Конституция деп саноо кыйын”, — деди.

Күчтүү — Президент, алсыз — парламент

Сунушталып жаткан Баш мыйзамда бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулуктун жок экенине юрист Сания Токтогазиева токтолду. “Бийлик бир адамдын колуна топтолгон жана бийлик бутактары ортосунда тең салмактуулук сакталган эмес. Бийлик бутактары ортосунда тең салмактуулук жок болсо, адам укуктары корголбойт”,- деди.

Сания Токтогазиева Президентке берилген ыйгарым укуктарды санады:

Президент референдум чакыра алат, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштайт. Өкмөттүн түзүмүн жана курамын толугу менен өзү аныктайт. Андан сырткары Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Улуттук Банктын, Эсеп палатасынын төрагаларын, Башкы прокурорду, БШКнын жарым мүчөсүн дайындайт. Сот жана күч структуралары Президенттин алкагында чогулуп жатат. Эми Президентти кантип жоопкерчиликке тартууга болот? Импичмент процедурасы татаалдаштырылган. Депутаттар импичмент жарыялаш үчүн Башпрокуратуранын жана Конституциялык соттун корутундусун алып келиши керек. Ал эми Конституциялык соттун курамы, башпрокурор Президент аркылуу түзүлүп жатса логикалык түрдө бул иш кандай болорун элестетүү кыйын. Парламенттин Президентке импичмент жарыялаганга күчү дагы, кудурети дагы жетпейт.

Парламенттин ыйгарым укуктары минимумга чейин кыскартылган. Депутаттардын саны 90го кыскарды. Бирок Конституцияда алар кайсы шайлоо тутуму менен шайланып келери жазылган эмес. Парламентти контролдоочу функциясы жокко эсе. Жалгыз гана мыйзам чыгаруу функциясы калды. Бирок ал жерде дагы алар күн тартибин көзөмөлдөй албай калды. Себеби мыйзам чыгаруу демилгеси депутаттардан тышкары Президентке, министрлер кабинетинин төрагасына, Жогорку сотко, элдик курултайга жана Башкы прокуратурага берилип жатат. Ал эми Президент жана министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилегенген мыйзамдар приоритеттүү түрдө каралат деп жазылып турат”, — деди. Ошондой эле Сания Токтогазиева жаңы Баш мыйзамда сот системасы көз карандысыз болбогонун, демек адилеттүү сот системасы болбой турганын айтты.

Президентке импичмент жарыялоо механизмин жөнөкөйлөштүрүш керек

Конституциялык укук боюнча юрист Айдин Бакытбек уулу. Сунушталып жаткан Конституцияда тең салмактуулук орнотуу үчүн эң аз дегенде 8 фундаменталдуу өзгөртүү киргизүү керектигин айтты:

  • “Президентти мыйзам демилгелөө, референдум дайындоо укугунан ажыратыш керек.
  • Президентти парламентти таратуу укугунан ажыратыш керек.
  • Парламентке Президентке импичмент жарыялоо механизмдерин жөнөкөйлөтүш керек.
  • Бюджеттин киреше, чыгаша маселелери толук парламенттин контролуна өтүш керек.
  • Күч түзүмдөрү: УКМК, Баш прокуратура, ИИМдин үстүнөн парламенттик көзөмөлдү күчөтүш керек.
  • Ушундай кризистик учурда экинчи легендарлуу парламент керек. Андай парламентти түптөш үчүн парламенттик шайлоо, депутаттардын саны жана алардын эркиндигин камсыз кылуу механизми так жазылышы керек. Алардын саны 120дан кем болбошу зарыл. Мажоритардык эмес пропорционалдык система менен шайланганы туура. Саясий күрөш көчөдө эмес парламенттин ичинде болушу керек.
  • Парламенттин үстүнөн да көзөмөл керек. Мисалы октябрда укуктук башаламандык болду. Парламент мөөнөтү бүтсө дагы конститциялык реформа баштап жиберишти. Эгерде парламенттин жаңы чакырылышы шайланбай калса, эски чакырылыш ишин улантат, бирок ошол убакта парламент, президент Конституцияга өзгөртүү киргизе албайт деп жазып коюш керек эле”,- деди.

Монархисттик-фашисттик конституция

Юрист Нурбек Токтокунов Конституциянын долбоору менен таанышып чыгып, аны монархисттик-фашисттик Конституция катары баалаганын айтты. “Эгерде Конституцияда руханий баалуулуктар, улуттук ан-сезим жөнүндө жазылса, ал жакта фашизмдин белгилери болот. Парламент-эч нерсе кыла албайт экен, сот болсо кол жоолуктай эле колдонулат. Бул Конституция жалпыбызга маселе жараткандан тышкары, Садыр Жапаровдун өзүн да жок кылат. Себеби критикалык учурларда кайсы бир күчтөр оңой эле 90 депутатты башкарып кое алат. 60 депутаттын колун топтоп туруп Президентке импичмент жарыялап койсо болот”,- деди.

Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүүгө жардам берген Конституция болот деген

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Садыр Жапаровдун Президенттикке талапкерлигин көрсотүп жатканда, жаңы Конституцияны демилгелеп жатканда элге берген убадаларына токтолду:

Ал Конституция элдик бийликке жол ачарын айткан. Бирок жаны мыйзам боюнча бул убада аткарылган жок. Президенттин айланасында күчтүү вертикалдуу бийлик түзүлүп жатат. Жапаров жаңы Конституция коррупция менен күрөшүүгө жардам берет деген. Бийлик бутактары ортосунда көзөмөл, тең салмактуулук болбой жатса, коррупция менен кантип күрөшөт? Коррупциялашкан күч структураларынын укуктары кеңейип жатат. Демек, коррупция мындан ары деле уланат. Курултай элдин өкүлү болорун айтты. Бирок биздин өлкөдө элдин өкүлү — парламент. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарын тандап, өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды кайсы бир партия же депуттардан коргошот деп шайлайбыз. Элдик курултайдын 1000 өкүлү кантип шайланат? Аларды ким шайлайт? А эгер курултай эл менен Президенттин ортосундагы көпүрө кызматын аткарса, анда келгиле курултайды тузбөй эле цифровизацияга өтөлү. Азыркы техникалык мүмкүнчүлүк менен бул нерсеи жасоого болот”,- деди. Динара Ошурахунова Конституция элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, Садыр Жапаровдун да кызыкчылыгы үчүн эмес, Конституциялык кеңешмеде отуруп алып өздөрүнүн амбициясын жараткан бир топтун кызыкчылыгана арналып жазылганын айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты