21-сентябрда: Айрым жерлерде өткүн өтүшү күтүлөт

  • 3 недели мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 21-сентябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү күтүлөт.Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун өрөөндүү райондорунда жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.   

Абанын температурасы:  

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26;

Бишкек шаарында түнкүсүн +12…+14, күндүз +21…+26.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты